"Кытай Коммунисттик партиясынын жардамын КСДП эмес, Жогорку Кеңештин аппараты алган", - деп 23-мартта SUPER.KG порталына КСДПнын саясий кеңешинин төрага орун басары Фарид Ниязов билдирди.
Анын айтымында, Кытай Коммунисттик партиясынын жардамы грант эмес, техникалык жардам.
"Мен бул боюнча тактадым, жардамды партия алган эмес. Жогорку Кеңештин аппаратына берилген экен. Анын ичинде жардамды КСДП фракциясынын катчылыгы дагы алыптыр", - деди Ниязов.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Кытай Комунисттик партиясы КСДПга жардам иретинде 1 миллион сом бөлгөнүн укканын айткан.