17-21-июнь күндөрү Азербайжандын Баку шаарында ырдоо боюнча боло турган “UNIVISION” аттуу студенттердин эл аралык сынагына КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин колдоосу менен 4 студенттен турган топ катышууга аттанууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Азербайжандын Жаштар жана спорт министрлиги уюштуруп жаткан сынактын максаты – студенттердин чыгармачылык өнөрлөрүн издөө, жаштардын бош убактыларын туура пайдалануу, алардын эл аралык байланыштарын өркүндөтүү жана колдоо. Сынактын жалпы байге фонду 6000 евро.