16-июнда жаштардын «BASICOLORS» арт демилгечилер тобу Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргызстандагы Германиянын жана Франциянын элчиликтеринин колдоосу менен стрит-арт жана граффити сүрөт өнөрүнүн V Эл аралык фестивалын өткөрдү. “Кереметтер орундалат” аталышындагы фестивалга Германия, Франция, Кыргызстан жана Казакстан өлкөлөрүнөн 18 сүрөтчү өз чыгармалары менен катышты. “Мени сиздердин чыгармачылыгыңыздар адам катары эле эмес, шаардын мэри катары да кызыктырат. Граффити биздин шаар үчүн - жаңы багыт. Шаарыбыздын мэриясы искусствонун бул түрүн колдойт. 2012-жылы граффити үчүн бир нече троллейбус берилген”,- деди өз сөзүндө мэр Иса Өмүркулов.