Бүгүн, 26-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Өкмөт аппаратынын мурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиев УКМКда суракка алынды. Чиновник Бишкек ЖЭБин 2017-2018-жылкы кыш мезгилине даярдоого бөлүнгөн акчанын уурдалышы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында суралды. УКМК тактагандай, ЖЭБди оӊдоого келишим түзгөн “АйМар Энержи” ишканасына ээлик кылгандардын бири Момуналиевдин жакын тууганы.
Быйыл 3-мартта УКМК ЖЭБди оӊдоодо ири суммада уурулук болгонун аныктап чыкканы жарыяланган. “Электр станциялары” ишканасынын айрым жетекчилери ЖЭБди оңдоо боюнча жасалма келишим түзүү менен компанияларга акча которгону, бирок оӊдоо иштери ал ишканалар тарабынан эмес, Жылуулук электр борборунун өзүнүн күчү менен эле жүргүзүлгөнү аныкталган. Факт боюнча кылмыш иши ачылып, “Электр станцияларынын” жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев, бул ишкананын техникалык директору Алмаз Жусупбеков тергөө абагына камалган. УКМК уурдалган акчанын суммасын ачыктабай жатат. Мына ошол акча которулган ишканага жакында гана кызматтан бошогон өкмөттүн аппарат башчысынын тууганы ээлик кылары калкып чыкты.
2014-жылы Кыргызда чиновниктерге жана алардын жакындарына таандык компаниялардын мамлекеттик тендерлерге катышуусуна тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. Бирок жасалма түрдө тендер өткөрүү аркылуу деле акчалуу долбоорлорго кирсе болорун “АйМар Энержи” көрсөттү. 47 жаштагы Момуналиев 2012-жылдан бери бардык премьер-министрлердин (Сооронбай Жээнбековду кошпогондо) тушунда өкмөттүк аппаратты жетектеди. 2016-жылы апрелде Жээнбеков премьерликке шайланганда Момуналиев Мамлекеттик кадр кызматынын башчылыгына дайындалган. 2017-жылы августта Жээнбеков премьерликтен кетип, Сапар Исаковдун өкмөтү шайланганда Нурханбек Момуналиев өкмөттүк аппараттын жетекчиси кызматына кайтып келген эле. Быйыл 12-мартта Исаковдун сунуштамасы менен президент Сооронбай Жээнбеков Момуналиевди өкмөттүк аппараттын башчысы кызматынан бошотту. Азырынча өкмөт тараптан Момуналиевди калкалоо байкала элек. Аппарат башчысынын жакындары ушундай ири иштерге аралашып жатса, таасири күчтүү башка чиновниктердин жакындары туугандык мамилени кандай пайдаланып жатканы кызык.
Туугандык байланыш Момуналиев менен эле бүтпөйт. ЖЭБдеги техникалык кырсык, 386 миллион доллардын тегерегиндеги чуу, ЖЭБди бир ууч адам туугандары менен бирге ээлеп алганын ачыкка чыгарууда. Станциянын мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу ЖЭБди жаӊылоого 250 миллион доллар гана которулуп, калган 136 миллиону дайынсыз экенин айтып чыкты. Анын бул кадамынан кийин коомчулукка ЖЭБде Өмүркул уулунун жоон топ туугандары иштейт деген маалымат таратылды. Өмүркул уулу ЖЭБде 6 тууганы иштей турганын моюнга алды.
Экс-директордун ЖЭБдеги туугандары белгилүү болгондон кийин интернет желесине “энергетика тармагында иштейт” деп “Улуттук энергетикалык холдингдин” директору Айбек Калиевдин жакындары жөнүндө маалымат тарады. Анда Калиевдин эжеси А.Тургумбаева кадрлар бөлүмүнүн башчысы, карындашы Наина кадрлар инженери, дагы бир эжеси А.Жокеева ЖЭБде кадрлар бөлүмүнүн башчысы, кудагыйы Элмира “Электр станциялары” ишканасынын эсепчиси болуп иштей турганы айтылат. Баса, Калиевдин кайын атасы да энергетика тармагында иштейт. Муну Калиев өзү парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып тастыктаган. “Улуттук энергетикалык холдингдин” өкүлү Аман Калыбеков аталган жарандар Калиевдин туугандары экенин ырастап, бирок алар Калиевге түздөн-түз баш ийген мекемеде иштебей турганын, мыйзамда туугандардын бир мекемеде, бири-бирине түз баш ийе турган органдарда чогуу иштөөсүнө тыюу салынганын айтат. Мындай жооп Калиевди айтылып жаткан сындардан калкалап калышы кыйын.
Буга чейин ЖЭБди жаӊылоо боюнча жумушчу топко ЖЭБди жаӊылоону башкаруу тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов да, анын баласы да мүчө болуп киргени белгилүү болгон.
Интернетке тараган маалыматта “ЖЭБдин башкы эсепчиси Чолпон Адылованын жакын курбусу ЖЭБде финансист, жээни, сиӊдиси жана кайын сиӊдиси эсепчи, уулу инженер болуп иштей турганы” айтылат.
Ошондой эле “Электр станциялары” ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаровдун туугандары жөнүндө сөз болот. Назаровдун аялы менен кызы ЖЭБде инженер, уулу мастер, карындашы товар кабыл алып жайгаштыруучу, дагы бир карындашы инженер болуп иштейт деп айтылды. Бул маалыматтар боюнча ЖЭБдин администрациясы да, “Электр станциялары” да комментарий бере элек. Эгер чын болсо, анда Кыргыз эли 2010-жылы өлкөдөгү үй-бүлөлүк-кландык башкарууну биротоло кулата албаптыр...
Өлкөдө жогорку окуу жайлардын ректорун шайлоо тартиби өзгөрүшү мүмкүн. Парламент депутаты Жыргалбек Турускулов сунуштаган тийиштүү мыйзам долбоору коомдук талкууга илинди. Ага ылайык, шайлоодо окуу жай жамаатынын 50 пайыздан ашык добушун алган талапкер ректорлук кызматка бекитилүүгө тийиш. Буга чейин кандай эле?
Азыркы тапта жогорку окуу жайдын ректорун шайлоодо алдыга чыккан 3 талапкердин бирин премьер-министр кызматка бекитет. Мындай шайлоо жана дайындоолор көпчүлүк учурда катуу жаңжалдар менен коштолот.
Ректор шайлоо боюнча 2014-жылкы жаӊжал эсибизде. 2014-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорун шайлоодо алдыга Алтай Бөрүбаев (214 добуш), экинчиге Болот Токтобаев (161 добуш), үчүнчүгө Чынара Адамкулова (153 добуш) чыккан. Айрым талапкерлер шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтып, сотко кайрылышкан. Ал кездеги премьер Жоомарт Оторбаев “соттук териштирүүлөр бүтсүн” деп ректорлук кызматка эч бирин бекитпей койгон. Улуттук университет 8 ай жетекчисиз өмүр сүргөн, 2015-жылдын июнунда Оторбаевден кийинки премьер Темир Сариевдин буйругу менен ректорлукка Чынара Адамкулова дайындалган. Ошентип, шайлоодо алдынкы 2 орунду алган талапкер кызматка бекитилбей, ректорлук кызмат алардан аз добуш алган адамга буюрган.
2014-жылы коомдук уюмдардын өкүлдөрү "Медициналык академиянын ректору Ашыралы Зурдиновдун кызматта туруу мөөнөтүн мыйзамсыз узартты" деп ал кездеги премьер Жантөрө Сатыбалдиевди сындап чыгышкан. Алар Сатыбалдиев 2012-жылы ректорлукка 65 жаштан ашкандар шайлана албайт деген норманы өзгөртүп, 70 жашка чейинкилер шайланса боло турган кылганын, анын айынан академияны 67 жаштагы Зурдинов башкарып жатканын айтышкан эле. Айтор, ректор шайлоодо талаш-тартыш көп кездешет.
Жаӊы сунушталып жаткан мыйзам долбоору ректор шайлоодо премьердин таасирин алып салат. Окуу жай жамаатынын 50 пайыздан ашыгынын добушун алган талапкерди өкмөт жетекчиси кызматка бекитүүгө милдеттүү болот...
Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 23-мартта республикада 376 адам онлайн режимде сынак тапшырып, алардын 9у гана өттү. Башкача айтканда, автомектептерди окуп бүткөндөрдүн 97 пайызы сынактан кулап калышты.
Мамлекеттик каттоо кызматы 2017-жылдын аягынан тарта айдоочулук күбөлүк алуучулардан сынак алуу системи автоматташтырылган, жогорудагы жыйынтык ошол реформанын үзүрү деп атады. Мекеме айдоочулук күбөлүк берүүдө адамдык факторду азайтууга, жол кыймылынын эрежелери боюнча курсанттардын (автомектептерди окуп бүткөн жарандар) теориялык билимин текшерүү системин жакшыртууга, күбөлүктү мыйзамсыз алып жаткандарга каршы иштер уланып жатканын билдирет. Талапка ылайык, курсант 25 мүнөттүн ичинде 20 суроого жооп бериши керек. 18 суроого туура жооп берген жаран сынактан өттү деп эсептелет. 376 адамдын 9у гана сынактан өткөнү – автомектептер жол эрежесин дээрлик үйрөтпөй жатат дегенди билдирет. Андыктан бул сынактын жыйынтыгы жол коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча баш катырып жаткан өкмөттүн командасына баалуу маалымат болуп берди. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына таянсак, өлкөдөгү 223 автомектептин 79у гана талапка жооп берет.
Сандан сапатка өтүүнү автомектептерден баштоо керектигин бир күндүк сынактын жыйынтыгы даана көрсөттү. Анткени айдоочулук күбөлүк алып, рулга отуруп жолго чыккан адам өз өмүрүнө гана эмес, жол кыймылына катышкан ар бир жарандын өмүрүнө да жоопкер...