Өткөн жылдын 21-декабрында памирлик кыргыз балдарынын Кыргыз жергесинде билим алуусун жакшыртуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Ооган Ислам Республикасынын Бадахшан аймагынын губернатору Ахмад Файсаль жетектеген делегация Кыргыз өлкөсүнө келген.
Сапардын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу маселелер талкууланып, 25-декабрда Кыргыз Республикасынын Миграция кызматы жана Ооганстандын Бадахшан аймагынын администрациясы "Кичи жана Чоң Памирде жашаган этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн чечүү жаатында, Кыргыз Республикасына окууга кыргыз балдарын жиберүү жана паспорттоштуруу маселелеринде кызматташуу" тууралуу меморандумга кол коюлган.
Меморандумдун негизинде Кыргыз өлкөсүнө жалпы Ооганстандын Памир өрөөнүндө жашаган 6 үй-бүлө, жалпы 33 кыргыз Кыргыз өлкөсүнө алып келинип алар Нарын облусуна жайгаштырылган.
Алгач Нарын районуна караштуу Куланак айылында, андан соң Нарын шаарындагы №87-кесиптик лицейде билим алып жаткан этникалык кыргыздардын мугалими Рахат Чолоков памирлик окуучулары тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди:
"Азыркы учурда Нарын шаарындагы №87-кесиптик лицейде 8 этникалык кыргыз билим алууда. Алар башталгыч класстардын окуу программасын аяктоо алдында турат. Апрель айынан баштап балдар компьютердик программаларды өздөштүрүүнү баштайт. Балдар кыргыз тилинде жазып окуганды билбесе дагы, көбү араб тилинде жазганды жана окуганды билип, айрымдары Ооганстандагы орто мектептерди аяктап келишкен. Балдар мугалимдин берген тапшырмасын калтырбай аткарып жатышат. Алардын билимди өздөштүрүү деңгээли жогору экен", - дейт окутуучу.
Мугалимдин айтымында, балдар окуудан сырткары ар кандай маданий, спорттук иш-чараларга активдүү катышууда. Мисалы, 21-мартта Нарын шаарындагы борбордук "Теңир-Тоо" аянтында өткөн Нооруз майрамына арналган театрлаштырылган оюн-зоокко, мамлекеттик туу күнүн белгилөөгө катышкан.
Алыскы Памирден билим алууга умтулуп келген окуучулардын бири 22 жаштагы Абдул Вакил Турдахун уулу Кыргыз жерине бат эле көнүп кеткен.
"Мен атайын алыскы Памирден кыргыз жана башка тилдерди өздөштүрүү үчүн иним менен бирге келгем. Бизге бардык шарттар түзүлгөн. Келгенибизге аз эле убакыт болгонуна карабастан өтүлүп жаткан сабактарды тез эле өздөштүрүп кеттик. Азыр биз кыргыз тилинде жазып жана окуй алабыз. Ошондой эле орус, англис тилдерин үйрөнүп жатабыз. Мен буга чейин Кабулдан 11-классты аяктап келгем ошол себептен араб тилинде эркин сүйлөп жана жаза алам", - дейт Турдахун уулу.
Билимге умтулуп кыйырдагы кыргыз туугандарыбыздан келген Абдул Вакил ата-энесинин, жакындарынын Памирде калганына кейийт.
"Менде азыр эч кандай арман жок, бир гана ата-энем, жакындарым алыста калгандыгы капа кылат. Мүмкүнчүлүк болсо аларды дагы Кыргыз өлкөсүнө алып келгим келет. Азыр алар менен уюлдук телефон, интернет аркылуу байланышып турам", - деп билдирди окуучу.
Ошондой эле Абдул Вакил Кыргыз жергесине келип интернетти жакшы өздөштүргөнүн жана азыркы тапта социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу экенин айтып:
"Интернетти жакшы өздөштүрдүм социалдык тармактарда баракчаларым бар. Ал жактан өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктарды окуп, жаңы адамдар менен достошуп, кыздар менен таанышам. Кыргыз кыздары мага аябай жакты", - деп кошумчалады.
Рахат Чолоковдун билдиргенине ылайык, билим алып жаткан 8 окуучунун экөөсү билим алып бүткөн соң Памирде калган үй-бүлөсүнө кайтууну көздөп жатат, ал эми калгандары билимин улантып Кыргыз жергесинде жакындары менен жашоону каалоодо.