Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринен алып келинген кыргыздар Нарын облусуна жетип жайгашты. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Памирден 6 үй-бүлө - жалпы 33 адам көчүрүлүп келген. Алар Нарын шаарына кечээ, 13-октябрда саат 20:30 чамасында жетишкен. Памирлик кыргыздарды вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова коштоп жүрүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар тосуп алышкан.
Эске салсак, буга чейин Ооган Ислам Республикасынын Бадахшан аймагынын губернатору Ахмад Файсаль жетектеген делегация Кыргыз жергесине келип, Памирде жашаган этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн чечүү жаатында, Кыргыз Республикасына окууга кыргыз балдарын жиберүү жана паспорттоштуруу маселелеринде кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшкан.