22-23-июнь күндөрү Нарын районундагы "Салкын-Төр" сейил багында “Кыргыз шырдагы” III эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу аталган райондук администрациянын кызматкери Акысбек Досоев билдирди. Фестивалга Борбордук Азия, Европа өлкөлөрүнөн туристтердин келери күтүлүүдө. Ошондой эле өлкөнүн аймактарынан жана облустагы кол өнөрчүлүк менен алектенген уздардын, чакан ишканалардын өндүргөн продукциялары коюлмакчы. Кыз узатуу, келин алуу, бешик той, жентек той, тушоо кесүү сыяктуу кыргыздын салт-санаалары театралдаштырылып көрсөтүлөт. Учурда фестивалга даярдыктар көрүлүүдө.