Жакындары тарабынан сабалган 8 жаштагы кызды убактылуу бага турган үй-бүлөнүн жашоо-шарты текшерилүүдө

Бишкекте жакындары тарабынан ур-токмокко кабылган 8 жаштагы кызды убактылуу бага турган үй-бүлөнүн шарты текшерилүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 29-мартта Аламүдүн райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Миңбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, кыз агасы менен таякесинин убактылуу камкордугуна алынат.

"Кыздын өз апасы келди, сүйлөштүк. Учурда анын башка үй-бүлөсү бар экен. 3 жаштагы кызы да бар экенин айтты.8 жаштагы кызын жана 10 жаштагы уулун азыр өзү бага албастыгын билдирип, убактылуу бир тууган агасынын камкордугуна берүүнү суранды.Учурда балдарды багып алуучу үй-бүлөнүн жашоо-шарты териштирилүүдө. Териштирүү бүткөн соң атайын комиссияга өткөрүлүп берилет. Балдардын таякесинин камкордугуна өтүүсү же өтпөстүгүн комиссия чечет", - дейт ал.

Эске салсак, окурман 12-март күнү "Элдик кабар" рубрикасына Бишкекте 8 жаштагы кыз жакындарынан кордук көрүп ооруканага түшкөнүн маалымдаган. Маалыматты Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасынан тастыкташып, ал колунан, башынын бир канча жеринен, моюнунан жаракат алып денесиндеги көп тактар менен "Тез жардам" аркылуу келгенин айтышкан. Кийин секелектин "Өгөй апам отургуч менен уруп колум сынды, башыма чөмүч менен чапкылап, күн сайын урат" деген видеосу чыкты. Бул арада SUPER.KG'ге кыздын чоң энеси "Неберем өзү тентек, келинимдин урганына ишенбейм", - деп айткан. Бул боюнча кыздын өгөй апасына кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга алынган. 8 жаштагы кыз 19-март күнү ооруканадан чыгарылып, бир тууган агасы менен балдар интернатына жиберилгенин социалдык кызматкерлер маалымдашкан. Андан кийин аталган окуя боюнча кыздын өз атасы да маек курган. Анда ал кызды таякесинин сунушу менен алып кеткенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
taalay25
2018-03-29 11:03:18
Мына сага ажырашуунун кесепети. Зыяны балдарга гана тиет. Татарстанда уйлонгон баладан, нике бюросу соцалдык, финансылык жагынан тушундурмо берет экен. Квартира, машина, тойго кете турган чыгым жана балансында кеминде 200 мин рубль акча болушу керек экен.
+9
KUMKA
2018-03-29 12:08:33
Мен адамдарга тан калап, айрыкча аялдарга, тошокко жатып эптеп эле оргазм алыш учун жашап калганбы, ХХХХХХХХ ХХХХХХХХХ электе экинчи турмушка чыгып, андан да ХХХХХХХХХХХХХХ 5-6 ны тороп ташташат. Андан коро бир баланы жакшылап багып албайбы. Жыныстык катнаш тукум улоо максатында болот.Азыр баары жыргалга батыш учун колдонуп, эч кандай сактанбайт.Жатардан алдын ойлонуш керек, жатат десе эле жатып алып ХХХХХХХХХХХХХ.Бул кыздын тагдыры эмне болот эми.
+8
asil-08
2018-03-29 16:18:28
KUMKA,эң туура айтылган сөз, балдардын убалы кимге эми, турмуш шартына карап төрөш керек да. Байкуш кыз эми кандай күн көрөт. Акыл эстүү кыз болуп чонойсо экен.
+4
Ayida
2018-03-29 12:22:36
Баланы да Аллах берсе торойт болбосо жок. Бирок сактанып аралагын 2 жыл кылып анан торосо болот
0
Nanei
2018-03-29 12:31:21
Каап,туугандарына ишенич жок. Апасы ОЗУ алса болмок экен. Тагдыры,келечеги кандай болот болду экен???
+3
Aitun
2018-03-29 13:51:51
Озунун апасыда кызык экен бир уул бир кызы болгондоюн эрге бышырып коюптурбу дагы тороп. Биякта балдарын азап чегип ар кимдин козун карап жургондо. Бага албайм деп. Эртен эле карыганда айтат буларда караганга шартыбыз жок деп. Балан кичине жыгылып бутун тытып алса кандай болосун огой энеси сабап салсада жургонун. Жашоо астын устун болсода биринчи оюма кызым келет. Эрден оло тургансыбай.
+6
naera
2018-03-29 16:42:01
Aitun,Эмне учун Бир гана АПА жооп бериш керек.Ата соройчу туудурганды билген бакканды да билиш керек.Атага уйлонуп балалуу болсо болот Апага мумкун эмеспи.Урдум ушу менталитетинерди баарына аял заты куноолуу.Эркектер суттон ак.
+6
dobrajelatel
2018-03-30 03:13:56
Малдан да жаман болуп кеттим. Кээде бири-бирибизди "тоок мээ, акылын жок сенин" деп калабыз. Бирок кээ бир адамдардын тоокчолук да акылы жок, мээрими жок. Тоок жем тапса ун салып балдарын чакырат. Бир жожосуно тийгизбей коруйт, жакындасан ызы-чуу салат, баарын канатына батырат. А биздин кээ бир энелерчи.... Окунучтуу.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан