Бишкек шаарында жакындарынан кордук көрүп, ооруканага жаткырылган 8 жаштагы кыздын денесинде ур-токмоктон калган тактар көп, ал мурда да сабалып жүргөн. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта SUPER.KG порталына Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасынын Нейротравматологиялык бөлүмүнүн башчысы Мелис Назаралиев билдирди.
Дарыгердин айтымында, кыз "Тез жардам" унаасы менен 10-мартта, түнкү саат 01:20лар чамасында ооруканага түшкөн.
"Колубузда тиешелүү документтер жок. Кызды "Тез жардам" көрсөтүү бригадасы алып келген. Учурда жанында жакындары жок, өзү жалгыз дарыланууда. Денесинде эски ур-токмоктон калган көптөгөн тактар да бар. Башынан катуу жаракат алган. Мээси чайкалган. Кыздын өзүнүн айтуусуна караганда, аны өгөй апасы нан жегени үчүн сабаган", - дейт Назаралиев.
Айта кетсек, буга чейин "Элдик кабарга" 8 жаштагы кыздын аёосуз сабалганын окурман билдирген.
"Колунан жаракат алган, башында да жарылган жерлер бар. Денесинин көп жери көгөргөн. Кыздын өзүнүн айтымында, аны өгөй апасы менен өз атасы сабаган", - деп жазган окурман.
Андан кийин кызды тааныгандардын бири аны өзүнүн апасы таштап кеткенин, ал кыз мектепте да окубай калганын айтып берген.