"Эски жер тамдардын ордуна бала бакчалар курулат" дейт Бишкектин деталдуу планы боюнча башкы архитектор

Бишкектин кичинекей тургундары үчүн 35 бала бакча курулушу керек, ал үчүн жерлер бар. Бул тууралуу Бишкектин деталдуу планы боюнча башкы архитектор Жанузак Күлбатыров билдирди.

"Бишкек шаарына 35 бала бакча курулушу керек. Өзүңөр билгендей чынында бош жерлер жок. Бирок Бишкектин деталдуу планы боюнча курулганына бир топ болгон эски үйлөрдүн орду бала бакча куруу үчүн каралган. Ал жер тамдардын ээлери менен инвесторлор кандай келишимде иш алып барышат бул учурунда чечилчү маселе. Андан сырткары учурда салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн 1-кабатына чакан бала бакчаларды жайгаштыруу планы бар. Мындай бала бакчаларды чет элдин тажрыйбасынан көрүп келебиз. Балдар ойноочу аянтча ичинде болот", - дейт архитектор.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mem77
2018-03-30 15:45:35
Жанузак Күлбатыров, алгач жаңы конуштарды карап көрсөңүздөр болмок, ал жактагы балдарды шаарга маршруткада эзип салып келиш кандай оор экенинен кабарыңыздар барбы, өзгөчө жол таштак болсо...

https://www.super.kg/kabar/news/226171/
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан