Бүгүн, 30-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
31-мартта өтүүчү КСДП партиясынын курултайына Жогорку Кеӊештин экс-спикери, партиянын көп жылдардан берки мүчөсү Асылбек Жээнбеков чакырылган жок. Бүгүн бир катар ЖМКлар “президенттин иниси курултайга чакырылбаганын КСДПнын штабынан тастыкташты” деп жазып чыгышты.
6-мартта ЖМК жетекчилери менен жолугушууда президент Сооронбай Жээнбековго “парламенттик шайлоого Асылбек Жээнбеков өзүнчө партия жетектеп барат деген кептин чындыгы барбы?” деген суроо берилген. Анда президент иниси Асылбек Жээнбеков оор күндөрдө КСДПнын катарында болгонун айтып, ал партияны эч качан таштап кетпейт деген. Бүтүндөй өлкө бир топ убакыттан бери сөз кылып жатканына карабай Асылбек Жээнбеков курултайдан кабары жок экенин ЖМКлардын бирине билдирди. Депутат Жээнбеков партия жыйынына чакырылбаганын КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов да ырастады. КСДПнын атынан Жогорку Кеӊешти 4 жыл башкарган Асылбек Жээнбековдун КСДПнын эртеӊки маанилүү жыйынына чакырылбай сыртта калышы эмнени билдирет?..
Ушул жылы 9-февралда парламенттин Эл аралык иштер комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров 30 миӊ долларды ыйгарып алууга шектелип кармалган. Бул КМШ Парламенттик ассамблеясынын Чыӊгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгына кошо берилчү акча болгон. Акча парламент бюджетинен Эл аралык иштер комитетинин ал кездеги төрагасы Аскарбек Шадиевдин колу коюлган, Жогорку Кеӊештин ал кездеги төрагасы Чыныбай Турсунбековдун кароосунан өткөн документтин негизинде алынган. Муну Шадиев да, Турсунбеков да моюнга алып, бирок экөө теӊ акча уурдалып кетерин билбегенин айтып жатат. Өткөн аптада УКМК Шадиевди суракка алса, бүгүн Турсунбеков УКМКда сурак берип, Шадиев менен беттештирилди.
УКМК 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулуна да кылмыш иши ачылганын жарыялады. Ал “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” жана “документтерди жасалмалоо” беренеси боюнча айыпталууда...
Мамлекеттик Думанын депутаты Максим Иванов Орусиядагы эмгек мигранттарын “чиптештирүүнү” сунуштап чыкты. Депутат мигранттардын колуна саат сыяктуу чиптүү браслет тагуу керек дейт. Чипте анын ким экени, Орусияга качан келгени, ким ишке кабыл алганы, канынын тобу, саламаттыгы өӊдүү маалыматтар камтылат. Ивановдун айтымында, Федералдык миграция кызматы ушундай жол менен мигранттарды көзөмөлдөөнү жакшыртса болот. “Эшикте 21-кылым, кагаз документтерди электрондук форматка өткөрүү керек”, - дейт Иванов.
Бул сунушка интернет колдонуучуларынан сын көбүрөөк айтылууда. Мисалы, чип мигранттын моюнуна илинген “мен эмгек мигрантымын” деген жазууга тете болорун, бул адамды кемсинтүүчү көрүнүш дегендер бар. Чип тагынууну же тагынбоону жарандар өздөрү чечип, эч кандай мажбурлоо болбошу керек деген пикирлер айтылууда. Иванов демилге боюнча көз карашын сурап, Орусияда эмгек мигранттарынын профсоюз уюмуна жана “Эмгек миграциясы” эл аралык альянсына кайрылды, алардын жообу азырынча белгисиз.
Орусияда эмгек мигранттардын колуна чиптүү браслет тагуу демилгеси 2013-жылы да көтөрүлүп, колдоо тапкан эмес. Чип системи чын эле мигранттарга шарт түзүү, алар жанына алып жүрүүгө тийиш болгон кагаз документтерди электрондук форматка өткөрүү үчүн гана сунушталып жатса, анда чиптүү браслетти электрондук карта деле алмаштыра алмак. Айтор, депутаттын демилгеси боюнча суроо көп. Азырынча депутат Ивановдун сөзү сунуш катары айтылып, документке айлана элек...