Бишкек-Ош жолунда унаалардын тыгыны көбөйдү. Мындай кабарды бүгүн, 30-мартта окурман "Элдик кабарга" билдирди.
Маалыматка ылайык, унаалардын тыгыны саат 17:30дар чамасынан бери жөнгө салынбай, башаламандыктар жаралды.
"Биз азыр Бишкек-Ош жолундагы Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин кире беришинде турабыз. Бул жердеги тыгындын эмнеден улам түзүлгөнү белгисиз. Жол кыймылынын кооопсуздугун камсыздаган кызматкерлерди көрө алган жокпуз", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.