Бишкекте жасалган 1 тоннадан ашуун беш бармактын "Гиннесстин рекорддор китебине" кирери же кирбеси тууралуу жооп келе элек

Бишкекте даярдалган 1 тонна 464 килограмм беш бармактын "Гиннесстин рекорддор китебине" кирери же кирбеси тууралуу жооп келе элек. Бул тууралуу рекорддун уюштуруучуларынын бири Элнура Кулуева SUPER.KG порталына билдирди.

"Биз коомчулукка жыйынтык 10-15 күндүн ичинде билинет деп айтканбыз. Бирок жасалган беш бармак тууралуу видеоматериалды англис тилине которуп, анан жөнөткөнгө көп убакыт талап кылынып калды. Ошону эске албай калыптырбыз. Бул боюнча даярдалган материалдардын баарын чогултуп, тийиштүү каражатты төлөп, кароого жибергенибизге аз эле убакыт болду. Андыктан жообу келе элек, күтүп жатабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, 11-мартта "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизүү үчүн борбордо 1 тонна 464 килограмм беш бармак жасалып, анын дүйнөлүк рекордго кирери же кирбеси 10-15 күндүн ичинде белгилүү боло турганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aselushka
2018-04-02 11:52:01
Элибиз жерибиз тынч болсо болду, кирсе кирбесе бешбармактын даамы озгоруп кетпейт, кыргыздын улуттук, даамду тамагы болуп кала берет
+6
Nanei
2018-04-02 11:55:40
Маршурткаларды бир калыпка келтирип алгылачы??? Гинесске кирет же кирбейт деген да проблема бы???
+4
manaas
2018-04-02 12:27:46
Бир казанга бышпаган нерсени гиннеске киргизмек беле.
+6
Floweriza
2018-04-02 13:39:23
Гиннеске кирди дебединер беле
0
gulu1991
2018-04-02 13:41:02
Бекер расход ошол акчаны спонсорлор бечара ларга берсе болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан