Юстиция министри Уран Ахметов кызматынан кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ахметов өз арызынын негизинде кызматынан кеткени белгилүү болду. Парламентте депутаттар тарабынан анын дарегине көп сындар айтылып келгени маалым.
Ахметов 2016-жылы ноябрь айында аталган кызматка келген.
Ахметов Уран Түлөндиевич 1980-жылы 19-майда Бишкек шаарында туулган. 2003-жылы Кыргыз Эл аралык университетинин, 2009-жылы Япониянын Кюсю университетинин Юриспруденция факультетин бүтүргөн.
2001-2002-жылдары - Кыргыз Республикасынын дене тарбияны, спортту жана олимпиадалык кыймылды колдоо боюнча коомдук фонддун директору;
2002-2004-жылдары - Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин юридикалык бөлүмүндө башкы адис;
2004-2005-жылдары - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министрлигинин юридикалык бөлүмүндө бөлүм башчынын орун басары;
2005-2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинде, Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинде жана Энергетика министрлигинде юридикалык бөлүмдүн башчысы;
2010-жылы - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн аппаратында Укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн эксперти;
2010-жылы - Кыргыз Республикасынын президентинин Администрациясында Укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн соттордогу өкүлчүлүк секторунун эксперти;
2010-2012-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараты Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн сот органдары менен өз ара аракеттешүү боюнча секторунун башчысы, эксперт;
2012-жылдары - Кыргыз Республикасынын президентинин аппараты Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;
2014-жылдары - Японияда окуган;
2016-2018-жылдары - юстиция министри.