Бүгүн, 2-апрелде Бишкек шаарынын маршруттук унааларынын айдоочулары иш ташташты. Бул окуя боюнча Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы маршруттук каттамдарды ишке ашырган фирманын жетекчилери менен жолукту. Анда маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, негизги айдоочулардын койгон 6-7 маселесине мэрия мындайча жооп берди.
Айдоочулардын талаптары:
1) Камсыздандыруу полиси жок маршруттук таксилердин айдоочуларына айып салууну жокко чыгаруу;
Жооп: Камсыздандыруу боюнча мыйзам 1-апрелден тарта күчүнө кире баштаган. Мындан улам ар бир айдоочу унаасынын ичиндеги орундуктарын камсыздандырыш керек эле. Мындан улам МАИ кызматкерлери тарабынан текшерүү катуу жүрүп жаткан. Учурда айдоочулардын 60 пайызы камсыздандыруу иштерин аяктаган. Андыктан калган 40 пайызы камсыздандыруу иштерин аяктагыча текшербей турган болдук. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө фирма жетекчилерине айдоочуларга бул боюнча толук маалымат берүү да айтылды.
МАИ кызматкерлери тарабынан көпчүлүк учурларда айыптын көп өлчөмдө салынып жатканы боюнча аталган кызматкерлер менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Бирок катуу басым жасалган факт боюнча эч кандай маалыматтар айтылган жок.
2) Бирдиктүү форма кийүү талабын алып салуу;
Жооп: Шаардагы ар бир айдоочунун бир типтеги формасы болсо деп сүйлөшүлгөн. Бирок эч кандай кыйноо жолу менен болгон эмес. Аларды сатыла турганы боюнча да маалыматтар жок. Шартына жараша ар ким ылайыктап тигип алуусу да айтылган. Ошондой эле фирма башчыларына атайылап саттыруу маселеси да каралган эмес.
4) Маршруттук таксилер жолдун экинчи тилкесинен деле бурула берүүгө уруксат берүү, бул үчүн айып салбоо;
Жооп: Бул боюнча учурда жол коопсуздугунун кызматкерлери менен сүйлөшүүлөр жүзүлүп, бул маселени чечип берүү каралууда. Эгерде коопсуздук кайсы бир тилкеден бурулуп жатканда байкалса анда норманы сакташ керек. Ал эми кээ бир коопсуздук жаратпай турган тилкелер боюнча маселелер чечилип берилет.
7) Айрымдары жол кире акысын 15 сомго чейин көтөрүүнү айтышууда. Бирок көпчүлүгү азыркы жол акысына деле нааразы эмес.
Жооп: Тариф маселеси бул абдан оор. Себеби тарифти кайра көтөрүү үчүн атайын комиссия иш алып барып, бир чечимге келүү керек. Андан соң депутаттык жыйынга коюлуп чечилүүсү шарт. Бул маселе бүгүн эле чечилип кала турган иш эмес. Андыктан сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
Эске салсак, бүгүн, 2-апрелде маршруттук таксилердин айдоочулары ишин таштаган. Мындан улам шаарда жол тыгыны пайда болуп, такси кызматтарынын баасы эки эсеге өскөн.