ЭЛДИК КАБАР: "Өзгөндөгү Ынтымак айылында жолдун жамандыгынан мектептин окуучулары кыйналып жатат" дейт окурман

Ош облусундагы Өзгөн районуна караштуу Ынтымак айылындагы көчөлөр окуучуларды кыйнап жиберди. Бул тууралуу маалыматты окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу билдирди.

Анын айтымында, бул айылга мурда көчкү болгон айылдын жашоочулары көчүрүлүп келген.

"Үйлөр эми курулуп, мектептин курулушу бүтө электигине байланыштуу окуучулар алыс жакка эртең менен саат 7:00дө чыгышат. Маршруттук унаа менен барып келишет. Бирок жолдордун абалы начар болгондуктан дөңгөлөгү баткакка тыгылып, айдоочу да, окуучулар да кыйналууда. Бул көрүнүштөн улам окуучулар такай сабакка кечигип жатышат", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuba-savai87
2018-04-02 23:23:14
Каап
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан