Жалал-Абадда жаңы курулуп жаткан көпүрө адам өмүрүнө коркунуч жаратууда

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айылында жаңы курулуп жаткан көпүрө жергиликтүү тургундардын өмүрүнө коркунуч жаратууда. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, курулуш иштерин жүргүзүүдө адам өмүрүнө коркунуч жараткан жагдайлар аныкталган.

"Көпүрөнү Жалал-Абад курулуш башкармалыгы салууда. Ал Базар-Коргон айылынан өткөн Кара-Үңкүр дарыясынын үстүнө курулуп жатат. Көпүрөнү курууда кран менен курулуш материалдары иретсиз ташталып жатканы, куруучулардын иш жүргүзүүгө атайын күбөлүктөрүнүн жоктугу, коопсуздукту камсыздоочу атайын кийимдерди кийбегендиги аныкталды.

Инспекторлордун айтымында, аталган көпүрөнүн курулушу толук кандуу бүтө элек, бирок ага карабай жарандар өтүүдө. Натыйжада куруучулардын гана эмес, жеке жарандардын өмүрүнө чоң коркунуч жаралууда. Майлуу-Суу шаары, Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун инспекторлору тарабынан Жалал-Абад курулуш башкармалыгынын тилке башчысына айып пул салынып, эскертүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп билдиришти инспекциядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан