Өзбекстан жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу тасма тартып, анын ысымын Ташкенттеги борбордук көчөлөрдүн бирине ыйгарат. Бул тууралуу жергиликтүү УзА улуттук маалыматтык агенттиги жазган.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев быйыл залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө тууралуу жарлыкка кол койгон. Анда Чыңгыз Айтматов кыргыз улутунун гана эмес, түрк тилдүү элдердин, анын ичинде Өзбекстандын да сыймыктана турган улуу инсаны экендиги айтылган. Буга байланыштуу жарлыкка бир нече пункттар киргизилген.
"Анын негизинде Өзбекстанда Айтматовду эскерүү иш-чарасы жогорку деңгээлде өткөрүлөт. Илимий, маданий жана адабий иштер өткөрүлүп, телерадиоканалдарда Айтматовго арналган берүүлөр жыл бою такай даярдалып турат. Ал тууралуу тасма тартылып, "Өзбекстан жана Чыңгыз Айтматов" деген эскерүү китеби жазылат. Паркент районундагы №33-мектепке Айтматовдун наамы берилип, эстелиги коюлат", - деп жазылган анда.
Айта кетсек, Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында туулган.