Бүгүн, 3-апрелде Бишкек мэриясынын алдында митинг өтүүдө. Катышуучулар мэр Албек Ибраимовдон экологиялык коопсуздукту камсыздоону талап кылышууда. Айрым митингчилер калаа башчысы кызматтан кетүүсү керектигин билдиришүүдө.
Коомдук ишмер Рита Карасартова шаарда эбегейсиз бак-дарактардын кыйылганына, маршруттук таксилердин иш таштаганына, көчөлөрдүн аталышы өз билемдик менен өзгөртүлүп жатканына нааразычылыгын айтты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева мэриянын жетекчилигине кайрылып, бийликтин булагы эл экенин эскертти. "Мэрди шаардык кеңештин депутаттары эмес, шаар тургундары шайлаш керек. Анткени депутаттар жеке кызыкчылыктарын гана ойлошот. Бүгүнкү акция бул башталыш гана. Эртең биз көбүрөөк эл топтоп чыгышыбыз керек", - деди Журабаева.
Айта кетсек, мэрия алдындагы митингде 50гө чукул адам катышууда.