Юстиция министрлигинин башчысынын милдетин Манас Сарымсаков аткарууда. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган мекемеден кабарлашты.
Сарымсаков 2017-жылдын июнь айынан тарта министрдин орун басары болуп иштеп келген.
Белгилей кетсек, юстиция министри Уран Ахметов 2-апрелде өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, президент Сооронбай Жээнбеков аны кызмат ордунан бошотуу буйругуна кол койгон.
Жогорку Кеңештин депутаттары өткөн жылдын декабрь айында, андан кийин 2018-жылдын март айында Ахметовду ээлеген кызмат ордун бошотуу боюнча өкмөткө сунуш беришкен болчу.