Бүгүн, 4-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев менен Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Сагынбек Исмаиловду кабыл алды.
Жолугушууга Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК менен Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчилери 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышы боюнча жана мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти.
Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын биринчи кварталы боюнча УКМК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишмердигинин жыйынтыктарын талдоо коррупцияга каршы аракеттенүү багытында жакшы жылыш бар экендигин көрсөттү. Ошол эле учурда алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн мындан дагы катуу аракеттенип, колдо болгон бардык күчтөрдү жана каражаттарды пайдалануу зарыл экендигин баса белгиледи.
Сооронбай Жээнбеков сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупция өлкөнүн улуттук коопсуздугуна негизги коркунуч келтирген абалда калып жаткандыгын, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын иши жалпы коомчулуктун катуу көзөмөлүндө тургандыгын айтты.
Сагынбек Исмаилов кызматтын ишмердигинин негизги багыттары жана 2018-жылга иш пландары туурасында отчёт берди. Ал эми Абдил Сегизбаев алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын күчү жана ресурстары жетиштүү экендигин билдирди.
Сооронбай Жээнбеков УКМК жетекчилигинен алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча иштерди күчөтүп, мамлекеттик органдарда, анын ичинде сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча катуу чараларды көрүүнү, калк менен тыгыз иштешүүнү талап кылды.
“Кандайдыр бир коррупциялык кылмышка тиешеси бар ар бир чиновник мурдагы жетишкендиктерине жана эмгегине карабастан сөзсүз түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш”, - деди мамлекет башчы.
Ошондой эле Коррупцияга каршы күрөшүү кызмат коррупциялык кылмыштарды жана укук бузууларды жасоого өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды аныктоо аркылуу коррупциянын алдын алуу боюнча системдүү иш жүргүзүүгө тийиш экендигин белгиледи.