"Сосновка" көзөмөл-өткөрүү бекетинде иш таштаган айдоочулардын саны 150гө жетти

Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" көзөмөл-өткөрүү бекетинде иш таштап турган жүк ташуучу унаалардын саны 150гө жетти. Маалыматты Жүк ташуучу унаалар ассоциациясынын жетекчиси Чолпонбек Жанбаев тастыктады.

"Биз иш таштоону улантып жатабыз. Бүгүнкү күндө "Сосновка" көзөмөл-өткөрүү бекетинде 150дөй айдоочу турат. Кечээ Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлдөрү келип сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бирок биздин талап аткарылат деп эч ким кепилдик берген жок. Алар маселени чечип берүүгө эмес, бизди үйлөрүбүзгө кайтарууга келиптир. Күйүүчү майды темир жол аркылуу ташуу боюнча маселени айтышты. Бирок мындай маселе бир жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Аны ишке ашыруу үчүн көп убакыт сарпталат деп ойлойм", - деп билдирди.

Ошондой эле, Чолпонбек Жанбаев Түштүктө жазгы сугат иштери башталганына байланыштуу Ош, Жалал-Абад облустарына күйүүчү май ташыган унаалар жиберилгенин кошумчалады.

"Сосновка" көзөмөл-өткөрүү бекетинде иш таштагандардын саны 150гө жетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tular
2018-04-05 17:47:10
Молоцы... Ушундай биримдиктуу болуш керек. Эмне себептен карапайым айдоочунун эсебинен бюджетке акча тушуш керек. Райым миллионду жооп эч ким таркан жокко? Ошондой чиновниктер жешсин, карапайым элдин эсебинен бюджетти толтурсун...
+2
tular
2018-04-05 17:48:10
Райым миллинго наалат
+1
amirrus
2018-04-06 09:19:57
келип эле жатат гсм тажикстанга отуп эле жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан