Бүгүн, 5-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында аскер кызматында жүрүп өз жанын кыйган жоокерге, тагыраагы анын үй-бүлөсүнө 1 миллион 40 миң сом компенсация төлөп берүү демилгеси каралды. Азыркы мыйзамда мындай компенсация төлөө каралган эмес.
1 миллион 40 миң сом 1 жылдык аскер мөөнөтүн өтөп жаткан маалда өз жанын кыйган аскерлердин үй-бүлөсүнө гана төлөнүп берилет. Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеевдин айтымында, суицидге барган жоокер экспертиза учурунда алкоголдук ичимдиктин же баңгизаттын таасиринде болгондугу аныкталса, анда анын туугандарына компенсация берилбейт.
Мыйзам долбоорун кароо учурунда депутат Алтынай Өмүрбекова 2016-жылы аскерде жүргөн 62 жоокер каза болгонун, анын 40ы өз жанын кыйганын айтты. Бул маалыматты Нурсеит Кедеев калп деди. Ал акыркы үч жылдагы статистиканы көтөрүп чыгып, 2015-жылы эки, 2017-жылы бир жоокер өз өмүрүнө кол салганын, ал эми 2016-жылы аскер бөлүктөрүндө суицид катталбаганын билдирди.
Аскердик прокуратуранын маалыматы боюнча, 2010-жылдан 2016-жылга чейин кызмат өтөө учурунда 84 жоокер каза болгон, анын жарымынан көбү өз жанын кыйгандар болуп саналат. 2012-жылы кыска убакыттын аралыгында 5 жоокер өз өмүрүнө кол салган. Мындан улам, Чек ара мамлекеттик кызматынын жетекчилиги тарабынан кызмат өтөөнүн жаңы тажрыйбасы киргизилген. Аскерге мурун-кийин чакырылгандар же “дед-молодой” деген жоюлуп, бир тозотко жалаң гана жазында чакырылган жоокерлер, экинчи тозотко жалаң гана күзүндө чакырылган жоокерлер жөнөтүлүп баштаган. Ушунун эсебиненби, 2013-жылы аскер бөлүктөрүндө суицид фактысы катталган эмес. Бирок кийинки эле 2014-жылы 12 жоокердин өлүмү катталып, анын ичинен жетөө өз өмүрүнө кол салганын Акыйкатчы институту билдирген.
Суицид окуяларынын себептери боюнча Нурсеит Кедеев “жоокерлер үйүнөн алыс болуп, стресс болушат, өз жанын кыюуга негизинен үй-бүлөсүндөгү көйгөйлөрү түрткү болот” деди. Ошол эле учурда аскердеги ур-токмок жок боло электигин, ага жол бербөө боюнча аракеттер көрүлүп жатса да, аскерде мындай учурлар болуп жатканын моюнга алды. Баласын алты саны аман аскерге жөнөткөн ата-энелер мындай жооптон “уулум соо кайтабы же жокпу?” деген түпөйүлдө калары анык.
“Дедовщина” жоюлбай туруп, өз жанын кыйган жоокерлерге компенсация төлөп берүү, албетте, суицид фактысын азайтууга таасир кылбайт. Мындай окуяларда каза тапкан жоокердин жакындарын капа кылган бир оркойгон кемчилик бар. Аскердик кызмат өтөө учурунда катталган суицид фактысы боюнча аскердик прокуратура тарабынан кылмыш иши козголбойт. Акыйкатчы институту жана депутаттар компенсация менен катар, ар бир суицид фактысын иликтөө, жоокерди өз өмүрүнө кол салууга эмне окуялар же кимдер жеткирди деп иликтөө жүргүзүү, факт боюнча кылмыш ишин козгоо жагын демилгелеп чыгышса, балким, “дедовщина” ооздукталып, жоокерлердин өлүмү азаймак...
Парламент депутаты Ирина Карамушкина Бишкекте иш таштоо уюштурган жүргүнчү ташуу менен алектенген фирмалардын баарын лицензиядан ажыратууну сунуштап чыкты. Депутат бул окуяны иликтеп, мэрияга алдын ала эскертпей туруп митинг уюштургандарды жоопко тартуу керек дейт.
2-апрелде Бишкекте эл ташуу менен алектенген фирмалар иш таштоо уюштуруп, шаар бийлигине бир нече талаптарды коюшкан. Бирок мэрия алардын талабы аткарылбай турганын билдирип, айдоочулар 4-апрелде кайрадан ишке чыгышты.
2-апрелде аймактарга күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары да иш таштоо уюштурушкан. Алар 1-апрелде күчүнө кирген өкмөттүн токтомуна каршы. Бул токтомго ылайык, кооптуу жүк ташыгандар милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алууга тийиш. “Дальнобойщиктер” бул талап камсыздандыруучу компаниялардын гана пайдасын көздөп, коррупцияга жол ачылууда деп каршы болушту. Атүгүл унааларына “Биз коррупцияга каршы күрөштө Сооронбай Жээнбековду колдойбуз” деген лозунгдарды илип алышкан. Бүгүнкү күнгө чейин “Сосновка” постунда 150дөй оор жүк ташуучу унаа токтоп турган. Оор жүк ташуучулар жол эрежесин бузгандарга айып пулдун көбөйүшүнө да каршы экенин айтышкан. Бул окуядан улам өлкөнүн түштүк аймагында күйүүчү май тартыштыгы жаралды деген маалыматтар айтылып жатат. Жаздын 1 күнү кылымга тете. Айдоочулардын “таарыныч билдирүүсү” талаа иштери кызып жаткан маалга туш келди.
Алар менен 4-апрелде Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлдөрү жолугушкан. Жүк ташуучу унаалар ассоциациясынын жетекчиси Чолпонбек Жанбаев билдиргендей, өкмөт өкүлдөрү күйүүчү майды Ошко темир жол аркылуу ташуу маселеси каралып жатканын айтып, айдоочуларды үйлөрүнө тарап кетүүгө чакырышкан. Айдоочулар бүгүн иш таштоону токтотту.
Буга чейин күйүүчү майды темир жол аркылуу Орусиядан Ошко түз жеткирүү сунушталган. Учурда Орусиядан күйүүчү май Бишкекке вагондордо келип, өлкөнүн түштүк аймагына автоунаа менен ташылып жатат. Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташыган унаалар кырсыкка кабылып, күйүүчү май жерге, сууга төгүлүп, анын айынан жан-жаныбарлар, дарыяда балык өстүргөн фермалар жабыр тарткан окуялар көп болууда. Тонналаган жүктүн айынан Түндүк менен Түштүктү бириктирген унаа жолу улам талкаланып, оңдоп-түзөөгө жыл сайын миллиондор кетип жатканы жалпыга маалым. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын эсептөөсү боюнча, күйүүчү майды өлкөнүн түштүгүнө темир жол менен ташуу автоунаада ташуудан арзан түшөт. Ошого карабай күйүүчү майды темир жол аркылуу ташуу ишин өкмөт негедир жолго койбой жатат...