6-апрелде Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында Башкы прокуратура бир жылдык отчёт берди.
Депутаттар отчётту угуп, суроолорун берип, жооп алган соң Башкы прокуратуранын ишин "канааттандырарлык эмес" деп тапты. Мындан тышкары фракция башкы прокурор Индира Жолдубаевага ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча чечим чыгарды. Ошондой эле фракция чуулуу коррупциялык иштерди иликтей турган депутаттык комиссияны түзүү боюнча парламенттин төрагасына кайрылууну чечти.
Чечим бир добуштан кабыл алынган жок: жыйынга катышкан бардык фракция мүчөлөрү "макул" деп добуш берсе, Сайдулла Нышанов "каршы" добуш берди.
Айта кетсек, жыйынга башкы прокурор Индира Жолдубаева отчёт берүүгө өзү келген жок. Анын орун басары Бөкөнбай Казаков Жолдубаеванын жыйынга келбегенин "ден соолугуна байланыштуу" деп түшүндүрдү.