"Республика-Ата Журт" дагы Башкы прокуратуранын отчётун "канааттандырарлык эмес" деп тапты

Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясы башкы прокурор Индира Жолдубаева жылдык отчёту боюнча жыйынга келбегендиги үчүн анын отчётун "канааттандырарлык эмес" деп тапты. Мындай чечимге фракциянын эки депутаты каршы чыкса, калганы колдоого алды.

Каршы болгон депутаттардын бири Руслан Казакбаев отчётту укпай туруп "канааттандырарлык эмес" деп чечим кабыл алуу туура эместигин белгиледи. Анын айтымында, башкы прокурордун отчётун угуу үчүн ал айыкканга чейин күтүү керек.

Бирок фракция көпчүлүгү маанилүү маселе болуп жаткан учурда Жолдубаеванын келбей калгандыгы үчүн "канааттандырарлык эмес" деп табуу чечими туура экенин белгилешти.

Айта кетсек, буга чейин Башкы прокуратура бир жылдык отчёту менен "Ата Мекен" фракциясын тааныштырган. "Ата Мекен" отчётту "канааттандырарлык эмес" деп таап, Индира Жолдубаевага ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча чечим чыгарган. Бул фракциянын жыйынына да башкы прокурор катышкан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан