Ырчы Мирлан Баековдун “Карындашым” аттуу жаңы ыры чыкты. Ырдын сөзү Жакут Сыдыковго таандык. Ал эми обонун Мирлан Алыкулов жараткан. Анын айтымында, ыр жалпы эле карындаштарга арналып, аларга болгон сүйүү сезими баяндалат. "Чыгарма бой көтөрүп жүргөн карындаш тууралуу",- дейт Мирлан Баеков.