Бразилиянын мурунку президенти 12 жылга соттолду

Бразилиянын мурунку президенти Луис Инасиу Лула да Силва полицияга өзү колго түшүп берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, экс-президент коррупциялык иштерге аралашкан деп айыпталып, 6-апрелде аны кармоо боюнча Федералдык соттун чечими чыккан. "Бирок ал өзүнө карата тагылган айыптарды четке кагып, бул чечимге баш ийбей жүргөн. Сан-Бернарду-ду-Кампу шаарында камакка алынган президент тик учак менен Сан-Паулу шаарындагы полиция бөлүмүнө жеткирилген. Бразилия Жогорку Соту мурунку президентти 12 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган жана ал жазасын өтөө үчүн өлкөнүн түштүгүндөгү Куритиба шаарына жөнөтүлдү", - деп жазылат маалыматта.

Луис Инасиу Лула да Силва Бразилияны 2003-жылдан 2011-жылга чейин башкарган. Ушул жылы өтүүчү президенттик шайлоодогу эң негизги талапкерлердин бири болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nazarKGZ
2018-04-09 09:26:02
Биздеда ушундай закон болсо
+4
toktor89
2018-04-09 09:36:50
nazarKGZ,Жакшы ниет кылсан жакында болуп калаар.
ансыз деле бутактары быталып атат!
+3
BekAmir
2018-04-09 09:49:58
Биздеда ушундай болсо канаа???...
+3
Rifle_I
2018-04-09 10:00:27
Бизде ар бир депутат камалып, президенттин баары камалат эле. Аларды камай тургандар таза эмес, өзүбүз баш болуп акчага добушубузду сатканбыз.
+2
Dembele84
2018-04-09 10:06:22
Болот буюрса бизде да,кичине куто туралы
+2
urmat94
2018-04-09 10:06:59
Кыргызстандын мурунку президентти А.Ш.А 20 жылга соттолду дегенди качан окуйт экенбиз
+10
Rifle_I
2018-04-09 10:47:15
urmat94,5-6 жылда Кудай буйруса
+2
PROS
2018-04-09 10:19:43
Бизде да "коррупцияга шектелип А. Ш. А. аттуу жаран кармалды, тергөө иштерине байланыштуу аты жөнүн толук айталбайбыз" деп жаңылыктан окуй турган күн келээр бекен ыя???
+6
okumushtuu
2018-04-09 12:05:49
ТЭЦ ке кетти деп 386 миллион долларды алып кеткен жана озуно там дача салган эми силер тушундунор да ким жоундо болуп жатат соз. Ошол адам жазасын алып камалып, кылган иштерине жооп берсе экен. Жээнбеков коррупциялык иштердин акырына чыгат деп ишенем. Жана прокурор менен ИИМ министри кызматтан кетет деп ишенем. Рахмат окуп койгонунуздарга
0
Mamiev
2018-04-09 13:21:18
Биздин президентибиз да экс президентти камаса тарыхта калат эле.Мен ушунчалык суйунмокмун.Эч болбосо байлык мулкун мамлекетке откоруп озун саясатка аралашпай турган кылып койсо го.Бир аз боштук болуп жатат Сингапурдун президентиндей дос тууганга карабай камаса тез эле онугуп кетебиз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан