Мэрия: "Бишкектин айрым көчөлөрүндө 10-апрелде таза суу убактылуу өчүрүлөт"

Бишкектин айрым көчөлөрүндө 10-апрелде таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 10-апрель күнү саат 10:00дөн 19:00гө чейин оңдоо иштерине байланыштуу Ала-Арча районунда, Мураталы Күрөңкеев, Жусуп Абдрахманов, Элебесов, Саадаев көчөлөрүндө жана "Кызыл куруучу" турак жай шаарчасында;

- Көлмө, Ак-Тилек, Салам-Алик конуштарында;

- №18-33-35-мектептеринде жана №12-бала бакчада;

- Пакистан элчилигинде;

- Чүй автобекет жана автостанциялар бирикмесинде;

- Улуттук гвардиянын Башкы штабында;

- Шаардык кургак учукка каршы ооруканасында;

- "Бишкек суу каналынын" атайын автобазасында таза суу берүү убактылуу токтотулат.

"Бишкек суу канал" ишканасы шаар тургундарынан ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, мекеме, ишканалардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алуусун өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан