“Манас-2013” сынагынын жеңүүчүсү 3 жашар Кудайберген Таабалдиев болду
Сынактын 3 жаштагы жеңүүчүсү Кудайберген Таабалдиев
Сынактын жеңүүчүлөрү сыйлык алышты
Ош шаарында “Манас-2013” сынагынын
жеңүүчүлөрү сыйланышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка
ылайык, сынактын эң жаш жеңүүчүсү Кудайберген Таабалдиев 3 жашта
болсо, эң улуу катышуучу Базарбай Сөлпүев 62 жашта. Бул сынак мэр Мелис Мырзакматовдун
демилгеси менен өткөрүлүп, байге фонду 250 миң сомду түздү. Жеңүүчүлөр диплом,
акчалай сыйлык жана баалуу белектер менен сыйланышты.