Армения толугу менен парламенттик башкарууга өттү

Армениянын жаңы президенти Армен Саркисян 9-апрелде ант берип расмий түрдө кызматка киришти. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, ант берүү аземи Ереван шаарындагы концерттик залда орун алды.

Армен Саркисян 2-мартта президент болуп бүткүл эл тарабынан эмес, өлкүнүн парламенти тарабынан шайланган. Анын талапкерлигине 100 депутат "макул" деп добуш берсе, 10 депутат каршы добуш берген. Жаңы президенттин кызматка киришиши менен өлкөнүн парламенттик башкарууга өтүү процедуралары толугу менен аягына чыкты.

2015-жылы өткөн референдумдун жыйынтыгында өлкө жарым-жартылай президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өткөн. Анда мамлекет башчыны 7 жылга жалпы эл эмес, парламент шайлай турган болгон.

Армен Саркисян өлкөнүн эгемендүүлүккө ээ болгон жылдан берки 4-президенти. Өлкөнү 1991-1998-жылдары Левон Тер-Петросян, 1998-2008-жылдары Роберт Кочарян, 2008-2018-жылдары Серж Саргсян башкарган.

Саркисян учурда 64 жашта. Буга чейин ал өкмөттү башкарган жана өлкөнүн Улуу Британиядагы элчиси болуп эмгектенген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Derzki_kyrgyz
2018-04-10 01:48:10
Ошондо биз парламенттик башкарууга отсок, парламент шайлап калабы?
0
Ruslan4458
2018-04-10 02:56:58
Ушул АША китайга барса эле кайтканда Бир демке болчу эле элге зияны тийбей озу бирдемке болуп келсе экен
+4
edik-kg
2018-04-10 03:50:08
Бардак башталат экенда арменияда дагы
+2
admin_portal
2018-04-10 08:50:16
tursunbaev78,
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан