Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылындагы окурман айылдагы жазгы сулуулукту сүрөткө тартып жөнөттү. "Жаандан кийин айылдагы жаратылыш кулпуруп, көңүлдү ачты. Колума фотоаппарат алып сүрөткө тартууга шыктандырды", - деди ал.
Окурмандын айтымында, учурда айылда гилас гүлдөп, бактар кооз көрүнүп турат.
"Гиластын аппак гүлдөрү, аны айланып учкан аарылар, жерге жашыл тукаба жамынгандай көрк берген чөптөр баары сулуу", - деп жазды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.