Бүгүн, 10-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Мурат Мукамбетовду өкмөттүн аппаратынын жетекчиси кызматына талапкерлигин жактырды. Ал буга чейин өкмөттүн аппаратынын биринчи орун басары болуп иштеп келген.
Өмүр баяны:
Мукамбетов Мурат Картайбекович 1971-жылдын 3-апрелинде Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган.
Ал 1993-жылы - Кыргыз Архитектура жана курулуш институтун инженер-куруучу адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1993-1994-жылдары - "Арка-Бел" ишканасынын кызматкери;
1994-1995-жылдары - "ОМА-94" Кыргыз-Япон окуу борборунун менеджери;
1995-1998-жылдары - Кыргыз-Япон "ОМА Корпорациясынын" инженери;
1998-1999-жылдары - Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу министрлигинин адиси;
1999-2002-жылдары - Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын башкы адиси, социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
2002-жылы - Бишкек шаарынын Свердлов райондук жергиликтүү өз алдынча башкаруу администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары;
2002-2003-жылдары - Бишкек шаарынын Ленин райондук жергиликтүү өз алдынча башкаруу администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары;
2003-жылы - премьер-министрдин аппаратынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган башкармалыгынын эксперти;
2003-2004-жылдары - премьер-министрдин аппаратынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган башкармалыгынын уюштуруу иштери боюнча инспектору;
2004-жылы - премьер-министрдин аппаратынын кадрлар жана административдик реформалар башкармалыгынын кадрлар сектору, башчысы;
2004-жылы - премьер-министрдин аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат башкармалыгынын кадрлар сектору, башчысы;
2004-2005-жылдары - премьер-министрдин аппаратынын экономика, өнөр жай жана соода башкармалыгынын инвестициялык саясат жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү сектору, башчысы;
2005-жылы - премьер-министрдин аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат башкармалыгынын уюштуруу иштери боюнча инспектору;
2005-жылы - Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
2005-2006-жылдары - Мамлекеттик кызмат жана аймактык өнүктүрүү башкармалыгынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча бөлүмүнүн башчысы;
2006-жылы - Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын акиминин милдетин аткаруучу;
2006-2007-жылдары - президенттик администрациянын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн уюштуруу жана көзөмөлдөө иштери секторунун мамлекеттик инспектору;
2007-2008-жылдары - өкмөттүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчы;
2008-2009-жылдары - өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары;
2009-2010- жылдары - Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин орун басары;
2010- жылы - Убактылуу өкмөттүн аппаратынын мамлекеттик кызмат жана административдик реформалар бөлүмүнүн башчысы;
2010-жылы - президенттик администрациянын мамлекеттик кызмат жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы;
2010-жылы - өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары;
2012-жылы - президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;
2012-жылдан тартып өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келген.