Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан бошотуу боюнча маселени жабык эшик артында карап жатат.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков бул маселени жабык эшик артында кароону сунуштап, журналисттер залдан чыгарылды.
Айта кетсек, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан бошотуу тууралуу сунушун парламенттин аталган комитетине жөнөттү.
6-апрелде Башкы прокуратуранын бир жылдык отчётун "Ата Мекен", "Республика-Ата Журт" фракциялары "канааттандырарлык эмес" деп табышкан.
2016-жылкы жаӊы Конституцияга ылайык, президент баш прокурорду Жогорку Кеӊеште 61 депутаттын макулдугу менен иштен алууга укуктуу.
Маалымат үчүн: Индира Жолдубаева башкы прокурор болуп 2015-жылдын 29-январында дайындалган. Ага чейин 2010-2015-жылдар аралыгында президенттик аппараттын укуктук камсыздоо, соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмдөрүндө иштеген.
Индира Жолдубаева 1979-жылдын 11-апрель күнү төрөлгөн. Эртең анын туулган күнү.