10-апрелде парламенттин тийиштүү комитети президент Сооронбай Жээнбековдун башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан бошотуу сунушун колдоду. Бул тууралуу журналисттерге депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
"Президент өзүнүн Конституциядагы укугун пайдаланып, башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча сунуш киргизген. Комитет бул сунушту бир добуштан колдоду. 11-апрелде бул маселе жалпы жыйында каралат", - деди Шыкмаматов.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети сунушту жабык эшик артында карады.
Айта кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан бошотуу тууралуу сунушун парламенттин аталган комитетине жөнөттү.
6-апрелде Башкы прокуратуранын бир жылдык отчётун "Ата Мекен", "Республика-Ата Журт" фракциялары "канааттандырарлык эмес" деп табышкан.
2016-жылкы жаӊы Конституцияга ылайык, президент баш прокурорду Жогорку Кеӊеште 61 депутаттын макулдугу менен иштен алууга укуктуу.
Маалымат үчүн: Индира Жолдубаева башкы прокурор болуп 2015-жылдын 29-январында дайындалган. Ага чейин 2010-2015-жылдар аралыгында президенттик аппараттын укуктук камсыздоо, соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмдөрүндө иштеген.
Индира Жолдубаева 1979-жылдын 11-апрель күнү төрөлгөн.