Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүү сунушталды. Мындай демилге бүгүн, 10-апрелде Бишкекте сот системине арналган тегерек столдун жүрүшүндө айтылды.
Коомдук активист Эдил Байсалов азыркы Конституцияны өзгөртүү керектигин айтты. "2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзам демократиялуу жыргалчылыкка алып барган жок. Муну менен автор өзү деле макул болсо керек", - деди Байсалов.
Коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов 1-2-беренени өзгөртүүдөн майнап чыкпай турганын айтып, жаңы Конституцияны жазууну сунуштады.
Экс-баш прокурор Кубатбек Байболов жалпы бийликтин башкаруусун өзгөртүү зарыл деп, Конституцияга олуттуу өзгөртүү киргизүү керектигин билдирди. "Парламенттик башкаруу натыйжасын бербейт экен деп жатышат. Бизде парламенттик башкаруу кире элек, биз ал башкаруунун босогосунда эле туруп калдык.
Конституцияга кирген өзгөртүүлөр бизди талкалады, бийлик бир адамга топтолбой кош башкаруу болгондуктан кооптуу абалга жетти", - деди Байболов.
Саясий ишмер Адахан Мадумаров да сот системин жакшыртуу үчүн Конституцияны өзгөртүүнү сунуштап, бул үчүн 300 миң кол топтоо зарылдыгын айтты. "Биз 3 айдын ичинде 130 миң кол топтоп койдук. Эгер бардык саясий күчтөр бириксек, 300 миң кол топтой алабыз. Конституцияны өзгөртүүдө мыйзамдуу жана маданияттуу жол ушул, башка жол жок. Ошондо биз өлкөдө оппозиция бар экенин көрсөтөбүз", - деп чакырды Мадумаров.