Нарында 78 жаштагы кемпир дарыяга боюн таштады. Кары кишинин дарыяга боюн таштаганы аталган дубанда биринчи жолу катталды

10-апрелде Нарын дарыясына боюн таштаган 78 жаштагы кемпир куткарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-апрелде эртең менен саат 9дар чамасында Нарын дарыясына белгисиз жарандын сууга агып бара жатканын милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун көргөн. Алар агып бара жаткан жаранды куткаруу үчүн дарыяга кийимчен түшүп, дарыядан алып чыгышкан.

"Боюн таштаган 78 жаштагы К.И. аттуу тургун куткарылгандан кийин милиция кызматкерлерине окуя тууралуу айтып берген. Анын айтымында, Нарын дарыясынын жээгине барып, ойлонуп отурганын, андан соң өзүн жаман сезип, өзүн-өзү өлтүрүү максатында сууга түшкөн. Учурда куткарылган жарандын ден соолугу облустук ооруканадан текшерилип, үйүнө кайтарылган. Кемпирдин айтымында, анын мындай аракетке баруусуна эч ким күнөөлүү эмес. Нарын облусунда дарыяга боюн таштаган кары кишинин окуясы биринчи ирет катталып жатат", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Ал эми Нарын РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн айдоочусу Жаныбек Асанбеков сууга аккан Нарын шаарынын 78 жаштагы тургунун куткарып, "Тез жардам" кызматын чакырганын айтат.

"Кечээ нөөмөттө болчумун. Эртең менен саат 9:30 чамасында кезектеги нөөмөттү өткөрүп коюп, үйүмө келе жаткам. Менин үйүм Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан. Суунун 5 метр шар аккан жеринде кошуна байке агып жатканын көрдүм. Карасам, кызыл көйнөкчөн адамды суудан тартып чыгарып жатыптыр. Дароо чуркап барып жардамдашып, ал адамды суудан чыгардык. Ал Нарын шаарынын 78 жаштагы тургуну экен. Апанын колу-буту үшүп калыптыр, дароо "Тез жардам" жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн атайын ыкчам кызматкерлерин чакырдым. "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери апага биринчи медициналык жардам көрсөттү", - дейт Асанбеков.

Нарын дарыясына боюн таштаган 78 жаштагы кемпир куткарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
dinar-87
2018-04-10 14:52:46
78 жыл чыдвпсыз дагы кичине чыдан балпайып торудо олтуруп балдарыныздын жакшылыгын корордо антпен эми.
+12
Nanei
2018-04-10 17:55:06
dinar-87,тордо балпайтып отургузбай жатышкан го,78ги АПА жон таштавайт ко боюн.
+13
Daak9091
2018-04-10 14:57:24
Ошо балдары кылып датат да ушуга себепти
+29
Vegan
2018-04-10 14:57:33
Эх! Жашоо эмнелерге кана алып барып жатат.
+11
Alixan-Nookat.2015
2018-04-10 15:00:22
Рахмат куткаргандарга, биринчи суудан алып чыккан кишинин сүрөтүн деле чыгарып койсоңор болмок ошол киши көрүп куткарбаганда эмне болмок кудай билет.
+26
karakulja
2018-04-10 15:00:28
ХХХХХХХХХ Апаларды таарынтпагыла!
+8
Azat.97
2018-04-10 15:08:12
karakulja,карыган адамдар таарынчаак болуп калат тууганым
+11
Lilireinhart18
2018-04-10 15:43:19
Azat.97,ооба тура айтасын, анан да эмнеге милиционердин эле суротун коюп койгон куткаруучу деп ага чейин жонокой жараан куткарып жатканын экен го анын суротун деле коюп койсо бир жери кемип калбайт эле
+10
kyrgyzstan00
2018-04-10 15:00:29
Байкуш апа жондон жон секирбейт болчу,бир нерсе болгон го.Кайра жашырып койду да...
+17
Nevestkaa
2018-04-10 15:19:25
Жаштарыбыз акылсыздык кылды дейбиз а бул апага не болду акылы толук көптү көргөн,кандай болгон күндө да кудай берген жанды кудай алыш керек.Ден соолук каалай сизге .
+1
ady-88
2018-04-10 15:26:25
Келини же баласы жеткиргенго ушул жолго бул апаны
+7
Alinur
2018-04-10 16:04:26
Тообо кылдым жаштарыбыздан эми каарыларыбызга оттубу
-6
zhaku2017
2018-04-10 16:05:46
Олгондун жазасы комгон. Олгон озунун шору
-1
a.sheralievic.91
2018-04-10 16:36:37
Админ куткарган кишинин сүрөтүн деле чыгарсаңар болмок сотрудниктен биринчи
+4
admin_media
2018-04-10 17:30:05
a.sheralievic.91, Alixan-Nookat.2015,
Саламатсыздарбы! Сунуштарга рахмат.
+1
Sarychelek9286
2018-04-11 00:19:50
Ии кагылайын кудайым ушунча жыл балдары деп жашаса,балдарынан жакшылык корбой аткандыр.балдары келиндерине болушуп апасына катуу айткандыр.болбосо апа эмнеге бул жолго барсак.эне да балдарын жамандамак Беле.тообо.жаратканым сизге Ден соолук,балдарынызга ыйман берсин.эч бир апаларыбыз кайгврбасын
+3
dobrajelatel
2018-04-11 03:26:50
Байкуш эне аман калганына суйундум.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан