Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин комитети башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча президенттин сунушун колдоду. Депутат Мирлан Бакиров башкы прокурорду кызматтан алуу сунушуна алып келген себептерди айтып берди.
“Президент ишке киришкенден кийин шайлоо алдындагы берген убадаларын аткарып, программаларын ишке ашырыш керек. Өлкө башчысынын негизги максаттарынын бири коррупция менен аёосуз күрөшүү болгон. Анын негизинде буга чейин өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Башкы прокуратуранын жана башка укук коргоо органдарынын дарегине ачуу сындар айтылган.
Буга чейин “Ата Мекен” фракциясынын отурумунда башкы прокурордун орун басары президент тарабынан айтылган сындардын баары туура деп моюнга алган. Бул бүгүнкү күндө чуулгандуу коррупциялык иштер бар экенин айгинеледи.
2016-жылы кызматтык коррупциялык иштерге байланыштуу 118 адам акталып кеткен болсо, 2017-жылы мындай чечим 158 адамга, башкача айтканда, 40 адамга көп чыккан. Жалпысынан өткөн жылы 235 адамга, анын ичинен камакта отурган 23 адамга актоо чечими чыккан. Мындай толтура маалымат бар.
Президенттин сунушунда коррупция менен күрөштө Башкы прокуратура негизги роль ойной турганы белгиленген. Мен ойлойм, эң негизги маселелердин бири коррупцияга белчесинен баткан аткаминерлерди ачыкка чыгарууда калыстык болбой жатат. Берилген тапшырмалар өз убагында аткарылбай калууда. Ошондуктан президент өзүнүн ыйгарым укуктарынан пайдаланып, сунуштама берди. Комитет президентти колдоду”, - деди Бакиров.