Жогорку Кеңештин комитети юстиция министри кызматына Айнур Абдылдаеванын талапкерлигин жактырды (өмүр баяны)

Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети юстиция министри кызматына Айнур Абдылдаеванын талапкерлигин жактырды. Ал 1976-жылы Фрунзе шаарында туулган. Абдылдаева 1999-жылы Кыргыз улуттук университетинин математика, информатика жана кибернетика факультетин аяктаган. 2007-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн.

2000-2001-жылдары - президенттин иш башкармалыгынын инспектору, оператору;

2001-2003-жылдары - премьер-министрдин аппаратынын юридика бөлүмүнүн референти;

2003-2006-жылдары - премьер-министрдин аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;

2006-жылы - премьер-министрдин аппаратынын жарандардын кайрылуусу менен иштөө бөлүмүнүн эксперти;

2006-2009-жылдары - премьер-министрдин аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадр кызматы бөлүмүнүн эксперти;

2009-жылы - өкмөттүн аппаратынын өкмөттүк чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн жетекчиси;

2010-жылы - президенттик администрациянын жыйындарды даярдоо бөлүмүнүн жетекчиси;

2010-жылы - Убактылуу өкмөттүн аппаратынын административдик камсыздоо бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, президенттик администрациянын жыйындарды даярдоо бөлүмүнүн жетекчиси, президенттик аппараттын канцеляриясынын жетекчиси;

2017-жылдан тарта Юстиция министрлигинин статс-катчысы болуп эмгектенип келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aidani
2018-04-10 15:15:32
Кыргызча билбегендерди жумушка албвй эле койбойсунарбы, мейли орусча билсин ошону менее катар эле кыргызча да билиш керек тил жоголсо улут жоголот
+9
fantomas
2018-04-10 17:14:50
Иштеген иши жалан документ даярдоо, жыйындар залын даярдоо, канцелярия болгон бири кантип юстиция минтстри болду?!! Же 120 ХХХХХХХХ
ким пара берсе ошону макулдай беришеби?!! Олко боюнча мыкты юрист, коп жылдык тажрыйбалуу адвокат, прокурорлор куруп калганбы калбай, кунунор кайдагы бир оператор, зал даярдоочуга калса.......
0
fantomas
2018-04-10 17:15:17
Сокенин кадры ушул болсо Кыргызстандын куураганы ошол......
+3
Tunerbei1812
2018-04-10 17:23:22
Юридикалык Жогорку билимди сырттан окуп алыптыр.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан