КҮНСЕРЕП: Президент Башкы прокурорго "чык эшикке" деди...

Бүгүн, 10-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламентке башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу сунушун киргизди. Сунушту бүгүн Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети бир добуштан колдоду.

Президенттин сунушунда Башкы прокуратура коррупция менен күрөшүүдө маанилүү орунду ээлей турганы, бирок тийиштүү деңгээлде иш жүрбөй жатканы айтылат. Коррупциялык кылмыштар өсүп жатканын айткан Жээнбеков 2016-жылы кызматтык кылмыштар боюнча козголгон кылмыш иштеринде 118 чиновник акталса, 2017-жылы 158 чиновник акталганын мисал келтирди. Ажо 2018-жылдын февралында Коопсуздук кеӊешинин жыйынында Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү ишиндеги кемчиликтер эскертилгенин, бирок жыйындан кийин деле жылыш болбогону үчүн башкы прокурорду кызматтан кетирүү аргасыздыгы келип чыккандыгын белгилейт.

Комитеттин чечими эртең Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында каралары айтылды. 61 депутат колдоого алса, башкы прокурор кызматтан кетет. 2010-жылкы Конституция боюнча, президентке башкы прокурорду кызматтан алууга 41 депутаттын макулдугу жетиштүү эле. 2016-жылкы жаӊы Конституцияда бул процедурага өзгөртүү киргизилип, учурдагы баш прокурор Жолдубаеваны иштен алуу үчүн президент Жээнбековдун сунушун 61 депутат колдошу керек. Буга чейин “Ата Мекен” жана “Республика–Ата Журт” фракциялары Башкы прокуратуранын 2017-жылкы иши боюнча отчётун “канааттандырарлык эмес” деп тапты. Айтор, Жолдубаева боюнча Ак үйдө чечим кабыл алынып калганы түшүнүктүү болуп калган эле. “Жолдубаева өзү арызын жазып кетет”, “башкы прокурорду Жогорку Кеӊеш кетирет” деген да версиялар айтылып жаткан. Башкы прокурорду кетирүү Жогорку Кеӊешке караганда президентке оӊоюраак. Анткени, парламенттин башкы прокурорго ишеним көрсөтпөө демилгесин 61 эмес, 81 депутат колдошу керек болот.

Учурда айрым саясатчы, эксперттер сот иштерине аралашуу, сот чечимдерине таасир этүү аракеттери боюнча Жолдубаевага кылмыш иши козголуп, өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салынышы керек деген демилгени көтөрүшүүдө. Ажонун сунушу комитетте саналуу мүнөттөрдө бир добуштан колдоо тапканына караганда Жогорку Кеӊеш Жолдубаеваны отставкага “оӊой эле” узатат. Эртең 11-апрель башкы прокурордун туулган күнү. Балким туулган күнүндө парламенттин жыйынында депутаттардын тегирменине түшүүнү күтпөй эле Жолдубаева өзүнүн арызы менен кетет...

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Анкарада Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Сүйлөшүү аягында Кыргыз-Түркия ортосунда экономика, инвестиция, айыл чарба, спорт, социалдык камсыздандыруу жана маалымат тармагы боюнча 6 документке кол коюлду. Эки президенттин чогуу журналисттерге маалымат берүүсү учурунда Сооронбай Жээнбеков социалдык камсыздандыруу келишимин тарыхый документ деп атады. Мындан ары эки өлкөдө иштеп, камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп жүргөн жарандар эки өлкөдөн тең пенсия ала алышат.

Журналисттерге маалымат берүүдө Эрдоган сөздү алыстан баштап, Түркия Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн тааныган биринчи өлкө болгондугун, экономикалык жаатта Кыргыз өлкөсүнө көп инвестиция салгандыгын, жаштарга билим берүү тармагында да көп жардам болгонун эскертип өтүп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилени сууткан башкы темага өттү. Ал Түркияда аскерий төңкөрүш жасап, бийликти тартып алуу аракетине күнөөлөнүп жүргөн диний аалым Фетхуллах Гүлен жана анын жолун жолдоочулар темасы. Режеп Тайып Эрдоган Гүленчилердин ФЕТО уюму тууралуу узак сөз кылып, бул уюм Кыргыз-Түрк мамилесин бузууга аракет кылды, бүгүнкү Жээнбековдун сапары ал аракеттерге каршы жакшы жооп болду деп белгиледи.

2016-жылы июнда Түркияда козголоӊчулардын аскердик төӊкөрүш жасоо аракети ишке ашпай калган. Тополоӊдо 290 адам каза таап, бул төңкөрүшкө шектелип 26 миӊдей адам кармалган. Түркия бийлиги аскердик төӊкөрүш уюштурууга Фетхуллах Гүленди айыптап келет. Бул окуядан кийин Түркия Кыргыз тарапка Гулендин жолун жолдоочуларга таандык делинген “Себат” лицейлерин жабуу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев “Себат” лицейлери өлкөнүн мыйзамдарына ылайык иштеп жатканын айтып “Түркия ички иштерибизге кийлигишпесин” деген. Ошентсе да өлкөдөгү “Себат” лицейлери кайра каттоодон өткөрүлүп, аталышы “Сапат” деп өзгөртүлгөн. Учурда бул лицейлер ишин улантууда.

Ушул окуядан кийин Кыргыз-Түрк мамилеси салкындай түшүп, акыркы 2 жылдан бери өлкө башчылары жолугуша элек болчу. Кыргызда президент алмашкан соң, Эрдоган гүленчилерге каршы күрөш жүргүзүүгө кайрадан аракет кылууну чечти. “Жээнбеков мырза, ФЕТО боюнча ыкчам чараларды көрө турганына ишенем” деди. Эрдогандан айырмаланып, Жээнбеков ФЕТО уюму, гүленчилерге каршы күрөш тууралуу бир ооз кеп козгободу. Кыргыз ажосу эки өлкөнүн мамилесинин суушуна алып келген окуяны сөзүнө кошпой “өткөрүп” койду...

Камакта отурган саясатчы Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология борборунда текшерүүдөн өттү. 1 сааттык текшерүүдөн соң “Ата Мекендин” лидерин кайра №47-абакка алып кетишти.

Текебаевдин адвокаттары дарыгерлердин “баары жакшы” деген жообуна ишенбей жатышат. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Текебаев текшерилип жаткан бөлмөгө УКМК кызматкерлери 7 жолу кирип чыкканын, ал эми депутаттар менен Текебаевдин адвокаттары киргизилбегенин айтып чыкты. Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы бүгүн анализдер гана алынганын, дарыгерлердин чечими эртеӊ чыгарын билдирди.

Текебаев буга чейин 2018-жылы 16-январда текшерүүдөн өткөрүлүп, дарыгерлер “жүрөгүн тиешелүү аппараттан текшериш керек” деген сунуш беришкен. ЖАМК бул сунуш каралып жатканын, Текебаевди абактан сырткары алып чыгып дарылоого уруксат берилиши да, берилбей калышы да мүмкүн экенин билдирген. 5-февралда ЖАМК Текебаев 31-январь күнү да дарыгерлердин кароосунан өткөнүн, адистер аны 47-колониянын өзүндө эле дарыласа болот деп сунуштаганын маалымдаган. Өткөн аптада бир топ коомдук ишмерлер жана саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин дарыланышына шарт түзүп берүү талабы менен президент Сооронбай Жээнбековго, өкмөт башчы Сапар Исаковго, Жогорку Кеӊештин спикерине, акыйкатчыга жана ЖАМКнын башчысына кайрылуу жолдошкон.

2013-жылы дарыгерлердин “аз күндүк өмүрү калды” деген корутундусунун негизинде Нарын шаардык сотунун чечими менен оор кылмыш иштерине айыпталып абакта отурган "кримавторитет" Азиз Батукаев бошотулган. Атүгүл ЖАМК жетекчилиги кортеж менен Нарындан Бишкекке чейин коштоп келип аэропорттон чет жакка узатып жиберишкен. 5 жыл өттү, Батукаев аман-эсен. Ал эми Кыргыздын белгилүү мамлекеттик ишмери, Жогорку Кеңештин 6 жолку тажрыйбалуу депутаты, саясатчы Өмүрбек Текебаев кадимки ооруканада дарыланууга уруксат ала албай убара...

Бишкекте тегерек столдо Кыргыздагы сот системинин абалы талкууланды. Анда оппозиция өкүлдөрү Конституцияны өзгөртүү керек деген сунуштарын айтышты. Эдил Байсалов 2010-жылкы Конституция үмүттү актаган жок десе, коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов 95-96-беренени (соттордун жоопкерчилиги жөнүндө берене) өзгөртүүдөн майнап чыкпай турганын, түп тамырынан жаӊы Конституция жазуу керектигин айтат.

Адахан Мадумаров баш мыйзамды өзгөртүүнүн мыйзамдуу жолу – 300 миӊ кол топтоо деди. Мыйзамга ылайык, 300 миӊ жаран Конституцияны өзгөртүүнү демилгелей алат. Мадумаров 2010-жылдан бери Кыргыздын парламенттик башкарууга өтүү аракетин, ага кошо Конституцияны сындап, өлкөгө күчтүү президенттик башкаруу керек деп келе жатат. Мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов Кыргыз эли президенттик башкаруунун азабын жакшы эле тартканын, ал жолго кайтуу катачылык болорун айтып, бирок учурдагы баш мыйзамды оңдоо керек деген ойдо.

2015-жылы Армения парламенттик башкарууга өткөн. Быйыл 2-мартта Армения парламенти өлкөнүн жаӊы президентин шайлап, 9-апрелде президент Армен Саркисян кызматка киришти. Жаӊы президенттин ишке киришүүсү менен Арменияда толук парламенттик башкарууга өтүү процедурасы аягына чыкты. Сооронбай Жээнбеков өзүнүн президенттик мөөнөтүндө өлкө президенттик башкарууга кайтпай турганын, Кыргыз мамлекети үчүн эң туура жол парламенттик башкаруу экенин билдирген.

2010-жылкы Конституцияда кемчилик көп, аны башкы автор Текебаев өзү деле моюнга алган. Өлкөдө бийлик алмашуудан кийин, учурдагы саясий абалды пайдаланууну көздөп, Кыргыз өлкөсү бара жаткан парламенттик башкарууга каршы топтор кайра жанданганы байкалууда...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан