Бүгүн, 10-апрелде "Жок болуп бара жаткан жаныбарларды тукум курут кылууга коррупция кандай таасир берүүдө. Маселеге коопсуздук кеңешинин кызыгуусу" деген талкуунун айланасында тегерек стол болуп өттү.
Маалыматка ылайык, 2017-жылы парламент сейрек кездешүүчү жаныбарларды атууга каршы мораторий киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алган эмес. Бүгүнкү талкууда өлкөдө браконьерлик менен күрөшүүгө тиешелүү кызматтардын алы жетпей жаткандыгы айтылды. Аңчылык чарбасында кандай коррупциялык схемалар бар? Браконьерлик менен күрөшүүгө ким тоскоол болуп жатат? Мыйзамсыз аңчылыкка катаал тыюу салууларды киргизүү үчүн эмне кылыш керек? Экологияны сактоо үчүн жергиликтүү бийлик кандай аракеттерди көрүп жатат? Ушул жана башка суроолордун үстүндө талкуу жүрдү.
Жаныш Бусурманкулов, Коопсуздук кеңешинин инспектору:
- Аңчылык чарбасында биздин эксперттер тарабынан 15 коррупциялык иш табылган. Учурда жалпы республика боюнча жаныбарларга аңчылык кылуу убактылуу токтотулду.
Кириленко Анна, “Биом” экологиялык кыймылынын аткаруучу директору:
- Аңчылык чарбачылыгы коррупцияга баткан тармак бойдон калууда. Коррупция бул тармактын нормативдүү укуктук актында да бар. Алар жазган аңчылыктын эрежеси боюнча Кызыл китепке кирбеген жаныбарларга аңчылык кылып, аларды атууга мүмкүн. Биз жоголуп бара жаткан жаныбарларды сактап калалы десек, атууга уруксат бергенибиз туура эмес. Аңчылык кылууга уруксат кагазын берүү да өзүнчө тема. Берилген лицензиялардын бир бөлүгү гана мамлекетке түшөт, калганы айыл өкмөтүнө, аңчылык чарбасына бөлүнөт. Ал акчалар кандай таризде пайдаланылып жатат, Илимдер академиясынын окумуштуулары кандай изилдөөлөрдү жүргүзүштү ал нерселер айтылбай келет.
Эмил Шүкүров, эколог:
- Өз кызыкчылыгы үчүн жаныбарларды аткандарды түшүнбөйм. Аңчылык кылууга такыр эле тыюу салыш керек. Табият бул ченемсиз пайда көрө турган тармак эмес. Көз карандысыздык алгандан бери көп жайыт жерлерибиз туура эмес пайдаланылгандыктан, азыр абалы жакшы эмес. Совет мезгилине караганда бизде мал аз, бирок көпчүлүк жайыт жерлер бузулду.
Дастан Бекешов, Жогорку Кеңештин депутаты:
- 1,5 жума мурун КСДПнын отуруму болуп, ал жакта экология темасын козгодум. Былтыр аңчылык кылууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун көтөргөнүмдө көпчүлүк депутат кесиптештер колдобой коюшкан. Албетте, баары эмес, бирок арасында аңчылык менен алектенип, көңүл ачкандары бар. Мен негизи эле жаныбарды өлтүргөндөн ырахат алгандарды түшүнбөйм. Айрым ызылдагандарды сооротуш үчүн кээ бир облустарда аңчылык кылууга убактылуу мораторий киргизишкен. Тилекке каршы, табият үчүн күрөшүүдө акчанын пайдасы менен айрым адамдардын экономикалык пайдасына жеңилип калып жатабыз.