Башкы прокурордун кызматтан алынышына Аалы Карашев менен Асел Кодуранова каршы добуш беришти

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңеш президент Сооронбай Жээнбековдун башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан бошотуу сунушун колдоду.

Жалпы 110 депутат каттоодон өткөн. 107 депутат добуш берди. Анын 105и "макул" деп, экөө "каршы" деп добуш берди.

"Каршы" деп добуш берген депутаттар:

Асель Кодуранова - КСДП фракциясы;

Аалы Карашев - КСДП фракциясы.

Катталып, бирок добуш бербегендер:

Марат Аманкулов - КСДП фракциясы;

Ирина Карамушкина - КСДП фракциясы;

Айнура Осмонова - КСДП фракциясы;

Жыйынга келбегендер:

Дамирбек Асылбек уулу - "Кыргызстан" фракциясы;

Данияр Аттокуров - КСДП фракциясы;

Дастан Бекешев - КСДП фракциясы;

Бакытбек Жетигенов - КСДП фракциясы;

Канатбек Исаев - "Кыргызстан" фракциясы;

Жыргалбек Калмаматов - "Кыргызстан" фракциясы;

Кулбараков Автандил - КСДП фракциясы;

Чыныбай Турсунбеков - КСДП фракциясы;

Аскарбек Шадиев - "Бир бол" фракциясы.

Маалымат үчүн: Индира Жолдубаева Аалы Карашевдин балдызы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан