Орусияда доллар менен евронун наркы көтөрүлдү. Буга чейин аталган валюталар 2016-жылдан бери туруктуу баада сатылып келген. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Орусиянын банкы учурда 1 евронун наркы 76,85 рублду түзүп, мурдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 4,97 рублга жогорулаганын билдирген. Ошондой эле 1 доллардын наркы 3,8 рублга көтөрүлгөн. Тактап айтканда, 1 доллар 62,37 рублду түзөрүн маалымдаган.
АКШнын Каржы министрлигинин 9-апрелде киргизген жаңы санкцияларынан улам рублдун наркы төмөндөп, орусиялык жеке ишкерлер, компаниялар миллиарддаган жоготууларга учураган. Бүгүнкү күндө чыгашалардын саны 17 миллиардды түзөт.