"Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында "Джи Эл Макмал Девелопинг" алтын кенин өрттөп кетиптир", - деп бүгүн, 11-апрелде КСДПнын жыйынында Кожобек Рыспаев билдирди.
Депутат мындан улам инвесторлор келбей калышы мүмкүн экенин айтты.
"Мен заводдун салынышына кызыкдармын. Казарманда мурда эле мындай окуя болгондо ИИМ кимдер күнөөлүү экенин аныктаган. Бирок ушул күнгө чейин чара көрүлө элек. Ошонун кесепетинен өкмөттүн колунан эч нерсе келбейт деп аким баш болуп уюштуруп, абалды ушуга жеткирди", - деди депутат.
Сапар Исаков аталган райондун акими Тилек Идирисов кызматтан бошотула турганын айтты. "Бул ишти жөн калтырганга болбойт, тийиштүү органдарга тапшырма бердим. Ким болбосун мыйзам алдында жооп бериши керек. Ал эми абалдын ушундай болушуна жеткирген акимди бүгүн жумуштан бошотом", - деди Исаков.