Учурда интернет желеси дүйнө жүзүндөгү адамдарды өзүнүн курмандыгына айландырып, нечендеген китепканаларды чаң басып турат. Адамдарды китепканага тартуу үчүн айрым өлкөлөр архитектуралык өзгөчөлүктөргө басым жасап келишет.
Мисалы, Түркиянын Карабүк шаарындагы Камил Гүлеч атындагы китепкана дүйнөдөгү уникалдуу китепканалардын катарына кирет. Анын архитектуралык курулушу гигант китептер коюлган текченин элесин чагылдырат. Китепкананын курулушуна түркиялык филантроп Камил Гүлеч болгон каражатынын баарын жумшаган.
Китепканада 60 миңден ашуун китеп жана миллиондон ашуун электрондук басылмалар бар. Каалоочулар күндүз деле, түнкүсүн деле китеп окуса болот. Анткени автоматтык түрдө эсептей турган "электрондук китепканачы" системи коюлган.