Кениялык футбол күйөрманы мелдешке аялын коюп, аны уттуруп жиберди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, "Манчестер Сити" футболдук клубунун күйөрманы Аман Стенли өзүнүн байкеси "Манчестер Юнайтед" клубунун күйөрманы Тони Шилла менен мелдеше кетип утушка аялын койгон.
Мелдештин эрежесине ылайык, кимдин күйөрмандык кылган командасы утулуп калса, ал уткан адамга 1 жумага аялын бермек.
"Эгерде "Манчестер Сити" командасы беттеште жеңилип, Англиянын биринчилигин утпай калса, мен өзүмдүн аялымды Тони Шиллага 1 жумага берем. Мени эч ким бул макулдашууну жазганга мажбурлаган жок. Өз эрким жана акыл-эсим менен жаздым" деп жазылган макулдашууда. Ушундай эле катты Шилла дагы жазган.
Бул каттардын сүрөтү аз убакыттын ичинде социалдык тармактарга тараган. Бул макулдашуу тууралуу күйөрмандардын аялдары билгенби же билген эмеспи азырынча белгисиз.
Аталган оюн 7-апрелде орун алып анда "Манчестер Юнайтед командасы" 3:2 эсебинде "Манчестер Ситини" утуп алган. Макулдашуу ишке ашырылганбы же бул жөн эле фейк кат болгонбу азырынча так маалымат жок.