Жогорку Кеңеште өкмөттү отставкага кетирүү аракети башталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде SUPER.KG порталына "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев билдирди.
Анын айтымында, өкмөттү отставкага кетирүүгө азырынча "Ата Мекен" фракциясы менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы макул. "Бул маселени эртең кол топтоп, анан карайбыз. Өкмөттү отставкага кетирүүнүн себеби эртең айтылат", - деди Иманалиев.
13-апрелде аталган фракциянын жыйынында өкмөттүн 2017-жылда аткарган иштери боюнча отчёту каралат.
Ал эми "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров: "Өкмөттү отставкага кетирүү боюнча биздин фракциянын эч кандай маалыматы жок. Эртең өкмөттүн отчёту фракциянын жыйынында каралат", - деп жооп берди.
Белгилей кетсек, өкмөттүн отчётун 11-апрелде КСДП фракциясы карап, "канааттандырарлык" деген баа берген.