Бүгүн, 13-апрелде Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов борбор калаадагы оңдоо иштери жүрүп жаткан жолдорду текшерди. Ал мэриянын тийиштүү кызматкерлери менен Эркиндик бульварына, Тыныстанов, Токтогул жана Москва көчөлөрүнө барды. Шаар башчынын айтымында 2018-жылы 100 көчөгө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү пландалган, бул көчөлөр жалпы 136 чакырымды түзөт. Азыркы тапта оңдоо иштери жүрүп жаткан кээ бир көчөлөр 1-июнда эксплуатацияга берилмекчи.
Эркиндик бульвары
Эркиндик бульварында Линейный көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейинки аралыкта оңдоо иштери жүрүп жатат. Оңдоло турган жолдун жалпы узундугу 1 чакырым 400 метрди түзсө, туурасы чыгыш тарабындагы жолдо 12 метр, батышында 9 метр. Оңдоо иштери март айында башталып, 15-октябрга чейин улана турганы айтылууда.
Албек Ибраимовдун айтымында, шаардын мэриясы Эркиндик бульварынын бир тарабын унаалар үчүн жаап, жөө жүргүнчүлөргө ылайыкташтыруу боюнча долбоорду кароодо.
"Эркиндик бульварында бир тарабын калтырып, экинчисин жөө жүргүнчүлөргө ылайык кылып жасап жана ал жакка ар түрдүү тематикалык эс алуу аймактарын куруу боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарганы жатабыз. Эгерде коом бул долбоорго макул болсо, биз аны ишке ашырабыз", - деди ал.
Ошондой эле шаар башчысы жолдордун сапаты жана кепилдиги тууралуу айтып берди.
"Бүгүнкү күндө жолдордун сапатын текшерген атайын мекемелер бар, ошондой эле оңдоо иштери бүткөн соң, бул жолдордун кепилдүү мөөнөтү бар. Ал мөөнөттүн ичинде жасалган иштердин кемчиликтери аныкталса, аны подрядчик өзүнүн эсебинен оңдоп чыгат. Бул жолдордун кепилдик мөөнөтү 3 жылды түзөт", - дейт Албек Ибраимов.
Тыныстанов көчөсү
Тыныстанов көчөсүндө Линейный көчөсүнөн Жибек Жолу кең көчөсүнө чейинки аралык оңдолуп жатат. Оңдолуп жаткан жолдун узундугу 2 чакырым, 271 метрди түзөт. Жолдун туурасы 8 метр болуп, жолдун 2 тарабынан 3,5-5,5 метрди түзгөн унаа токтотуучу жай жасалмакчы. Оңдоо иштери 2017-жылы башталып, 2018-жылдын 30-августуна чейин уланмакчы.
Шаар башчынын айтымында, аталган көчөдө оңдоо иштерин жүргүзүүгө 279 бакты кыюуга аргасыз болгон.
"Учурда Тыныстанов көчөсүндө оңдоо иштеринин жүрүшүндө 78 чоң бактын көчөтү отургузулду жана оңдоо иштери бүткөнгө чейин дагы бактар тигилет. Жалпы 2018-жылы 8 миң жалбырактуу чоң дарактын көчөтүн жана 13 миң жабык тамырдуу ийне жалбырактуу дарактарды отургузуу пландалган", - дейт Албек Ибраимов.
Москва көчөсү
Москва көчөсүндө 1 чакырым аралыкта, Сүйүнбаев көчөсүнөн баштап Абдрахманов көчөсүнө чейин оңдоо иштери жүрүүдө. Жолдун туурасы 14 метрди түзмөкчү. Азыркы тапта эски асфальтты кырып, бордюрларды орнотуу боюнча иштери жүрүүдө.
Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Эшенбаев Москва көчөсүндө эски асфальтты фрезердик ыкма менен сыйрып, жаңы 2 кабат асфальт төшөлүп жатканын айтты.
Токтогул көчөсү
Токтогул көчөсүндө жаңы жол куруу иштери Гоголь көчөсүнөн баштап Айтматов көчөсүнө чейинки аралыкта жүргүзүлүүдө. Жол куруу иштери жүрүп жаткан участоктун узундугу 630 метрди түзсө, туурасы 11,5-15 метрди түзөт. Ошондой эле Аламүдүн суусуна көпүрө курулууда. Анын узундугу 53 метрди түзсө, туурасы 15 метрге барабар.
Чоң Чүй каналынан өтө турган көпүрө
Орозбеков көчөсүндө Чоң Чүй каналынан өтө турган көпүрө курулууда. Анын туурасы 14,5 метрге жетип, узундугу 48 метрди түзмөкчү.