Путин АКШнын Сирияга каршы соккусу боюнча үн катты

АКШнын жана анын тарапташ өлкөлөрүнүн Сирияга каршы жасаган соккусун Орусиянын президенти Владимир Путин "Террорчулук менен күрөшүп жаткан көз карандысыз өлкөгө карата баскынчылык аракети" деп баалады. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, Путин "Сирияга каршы сокку БУУнун Коопсуздук Кеңешинин уруксатысыз жасалды" деп айтты.
"АКШ мындай аракети менен Сириядагы гуманитардык кырдаалды ого бетер оорлотуп жатат. Бул жерде жөнөкөй эл жабыр тартууда. Мындай кадам менен АКШ 7 жылдан бери Сириянын элин кыйноого салган террорчуларга жол ачып берип жатат. Аны менен катар аталган өлкөдө качкындардын жаңы толкунун жаратууда", - деди Путин.
Ошондой эле ал Сирияга карата жасалган сокку боюнча Орусия БУУнун Коопсуздук Кеңешин жыйынга чакырганын кабарлады.
Эске салсак, буга чейин Сириянын Дамаск шаарынын бир нече райондоруна сокку жасалганын АКШнын президенти Дональд Трамп кабарлаган. Ал "Сириянын өкмөтү Дума шаарында химиялык чабуул жасады" деп сокку урууга буйрук бергенин билдирген. Трамптын айтымында, Орусия химиялык куралды колдонууну токтото албай жатканы ушундай жыйынтыкка алып келди. Сирияга болгон сокку АКШнын, Улуу Британиянын жана Франциянын биргеликте жасаган операциясы экени маалымдалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (79)
aibars
2018-04-15 00:51:28
АКШ менен Орусия оз оокаттарын кылышпайбы, кийлигишпей. Сирияга жардам кыла албагандан кийин зыян келтиришпей эле койсо кургурлар. Админ айтып койгулачы Трамп менен Путинге созум бар мага купуя кат менен кайрылышсын.
+1
aidemi.samira
2018-04-15 02:56:38
Аллахым баарынан да тынчылык берсин согуштун бетин ары кыласын
0
s81
2018-04-15 07:44:47
Эми кандай болсо да Путин Тарапты коркутат бир жолуна таап
+1
s81
2018-04-15 07:45:08
Трамптты
0
progresskg
2018-04-15 07:49:18
Американы ички дун продукциясы 20 триллион, ал эми Россияныкы 1.5 триллион. Кайсыл президент акылдуу жана оз элин ойлойт экенин анын экономикасынан байкасан болот:) Америкалыктар Орусияга барбайт, ал эми орустар Америкага баргысы келет. Орустар бут баарын Америкадан жана Батыштан кочуруп алган. Озулору эч нерсе ойлоп тапкан эмес, илгерки СССРдин убагында эле ошентип кочуро баштаган.
Экономика, технология, илим, бизнес жактан да орустар Америкага келеерки 100 жылда да жетпейт.
-5
traveler
2018-04-15 08:03:49
progresskg, Батыш илим техника эмес маданият жактан да, элдин аң сезими жактан да алдыда. Батыш тарткан кинолор, батыш ырчылардын ырлары, чыгармачыл адамдары дээги баары Орустардан алда канча алдыда. Орустар батышка жетпейт эч качан, Мерседес менен Жигули деп салыштырса болот.
-2
Zaina
2018-04-15 11:32:58
traveler, туура, орустардын бир да киносу дуйнолук денгеелде корсотулбойт.
0
Alibek-0001
2018-04-15 17:12:15
traveler,сен айткандын баары туура, оба алдыда.. бул 1 кундо эле боло калчу иш эмес канчалаган кылымдар бою эмгектенишип ушундай денгээлге жетип отурушат. Доллар АКШ дан чыгат, каалашынча чыгарып башка мамлекеттерге сатат, ошон учун да АкШ байып жатат десек болот. Эгерде орустар алсыз болгондо Америка эчак эле басып алмак орустарды,,значит орустардын да армиясы оной эмес.
0
traveler
2018-04-15 19:04:43
Alibek-0001, Акча кантип чыкканын изилдесен демекмин. Доллар АКШныкы болсо эле ал бай болуп калбайт.
0
Drongo
2018-04-15 08:38:03
Ар создун башын айтып талашасынар.Илгертен эле мыкты аскер башчы эч качан озунун согуштук кучтору менен мактанган эмес.Согуштук кучтору менен мактануу акылсыз башчынын иши.Орусиянын мурун атомдук кораблдери тортоо болсо,азыркы учурда он эсе коп,суу устундогу жана суу астындагы.Армиясына коп каражат жумшалат,аны дагы ачык айтышпайт.Оруссия чет жагын кана корсотуп жатат.США эмнеси менен мактанат,саны бар сапаты жок армиясы мененби?Эркек эмес же аял эмес аскерлери коп,жалан когултурлор жана
+2
traveler
2018-04-15 08:56:57
Drongo, Ошондо алсыз Россия экенда, жылда мактангансып параддан откорот куралдарын. А АКШ антип даңазалабайт, все равно баары билет АКШ номер 1 экенин. Орускул болуп журо бербей кичине окубайсынарбы, орус твсын коруп олтура бербей. АКШ нын калкы 350млн, Россия140млн. Элестет АКШ баардык жактан алдыда болгон чоң держава болуп турат.
0
Drongo
2018-04-15 09:24:44
шизофрениктерден турган армиясы мененби?Орусиядан кочуруп алган аскердик техникалары мененби?Мындан торт-беш жыл мурун Тынч океанда Оруссия менен СШАнын дениз аскерлери биргеликте учения болчу эле.Ошондо кордук го,кандай экенин алардын.Аларда нашаа чегишет,энергетиктердин турун ичишет...Орустарда булардын бири жок.Беш кол тен эмес,болуп калса дароо военный трибуналга кетет.Военный отжимания буларда олгон,жуздон уч болугу кана жасай алат.Кудай анын бетин ары кылсын,кокус согуш болуп кетсе США
0
traveler
2018-04-15 10:27:54
Drongo, Орустарың алардан көчүрөт керек болсо. Аскердик техниканы мындай кой, орустарың түзүктөп бир автомобиль чыгара албайтго, кайсы автосу мн мактанат мисалы? Жонокой граждандык самолёт чыгаруу жагынан, кеме куруу жагынан да АКШга тең келбейт. Орустардын кайсы кемеси бар мисалы шаарга окшогон? Радио электрондук техника жактан да бут артта. Орустарын арак ичкен алкаш олко. АКШда сен айткандай акылы кемдер жашаса, Телефон, компьютерлер чыгып, 100-150 кабат имараттар озунон озу курулмак эмес. Мо
0
traveler
2018-04-15 10:29:39
Москва Москва ситиде болгону 5-6небоскреб куруп алып олтурат. Элинин жашоо денгээлин кара эки олконун.
0
Alibek-0001
2018-04-15 17:16:02
traveler,е ХХХХ ушунчалык акылдууу экенсин, кыргызстанга президент бол дагы, олкобуздун онугушуно чон салымынды кошчу. Сен интернетте эле кыйын болсон керек..... .
+1
traveler
2018-04-15 19:01:27
Alibek-0001, Орускулдарды айт президент бол деп, мен президент болуп эмне кылайын. Россиядан улгу алгандарды айт ошентип
0
Zaina
2018-04-15 11:19:58
Drongo, Америкада спайс жок, марихуананы бир гана Америкада чекпейт, Голландияны кошо жаза кет
0
Sonya302712
2018-04-15 09:30:02
"Эки доо согушса ортодо чымын олот" дегендей болуп жатат.
0
Drongo
2018-04-15 09:34:43
тарапташтары менен женилуу ызасын тартып калаары айдан ачык.
0
traveler
2018-04-15 10:32:30
Drongo, без НАТО Франция, Улуу Британия, Германия үчөө эле Россияны жок кылат эгер согуш болсо. Англия мн Франция да ядролук куралга ээ.
0
traveler
2018-04-15 10:36:57
Кыргызстанда жалаң ошол Батыштын техникаларын, батыштын союзу Корея Япониянын техникаларын колдонуп журосунор дагы Орусия алдыда деп калп эле төш кагасынар. Эмнеге орустардын техникаларын колдонбой жатасынар же орустардыкы жаман бекен? Орустарын озу баш болуп Батыш мн Япониянын техникасына оттуго. Анан дагы каягына Россия алдыда болсун? Башты иштеткиле кичине
0
Alibek-0001
2018-04-15 17:18:55
traveler, экономикасы жактан орустар артта экени талашсыз... бирок армиясы кандай экенин эч ки билбейт.
+2
Zaina
2018-04-15 11:26:08
Элдер, Россия менен Американы койуп Ош базар проблемасын чечип алгылачы. Баарынар эксперт экенсинер бул жерде. Путинге рас болуптур, оздору Американын политикасына кийлигишип Трампты президент кылышкан. Эми окунуп жата берсин. Ал эми Англия, Франция жана Америка биригип Ассаддын химиялык каражаттарына атуул жасады. Себеп- Ассад озунун элин олтуруп жатат. Россия ошону токтоткон жок. Биринчи тушунуп алып туруп каалаган президентти куноолой бергиле.
0
Aminka.Doni
2018-04-15 12:14:20
Ааламда ар дайым тынчылык болсунчу. Бул эки олко тен оздорунун кызыкчылыгы учун ортодо байкуш олколлрду элдерин курмандык кылып батат.Андан корокту биз озубуздун олконун эртени жонундо ойлонолучу биз талкуу кылып тартышкандан кымындайда пайда жок. Бирок байкуш элдерге кыйында. Кээ бир макалалардан окуп калган жерим бар эле дуйнолук 3- согуш батыш тараптан башталат деп ошондон улам коркуп журом ушу эки олконун текеберликтеринен 3- дуйнолук согушка жеткирбесе деп келгиле Ааламдан тынчылыгын тилейл
0
anonymous
2018-04-15 19:17:11
Россия ушуну көрмөк
0
Nazaralikarakulja
2018-04-16 03:05:15
Молодец Путин бар экен коргош керек Сирии ны ХХХХХХХХХХХ дарга талатбай
0
USSR
2018-04-16 06:27:27
Путин менен Трамп, Сирияны жайына койгулачы. Ким короз ким мастек оюнуңарды өз өлкөңөрдүн териториясында ойногулачы. Дүйнө эли силерден тажап бүттү. Аллахым жазаңарды берсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан