Сооронбай Жээнбеков Ошко катардагы авиарейс менен учуп барганы кызуу талкууланууда

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде Бишкектен Ошко катардагы авиарейс менен учуп барды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева кабарлады.

Анын айтымында, Жээнбеков каза болгон агасы Кантөрө Токтомаматовдун жылдыгына катышуу үчүн Кара-Кулжа районуна барды.

"Президент маркум агасы Кантөрө Токтомаматовдун жылдыгына катышуу үчүн Кара-Кулжа районуна барды. Бирок Бишкектен Ошко эл менен бирге каттамдагы учак менен учуп барды", - деди Стамалиева.

Өлкө башчынын эл менен бирге учакка отурганы социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга алынууда. Көпчүлүгү өлкө башчынын бул аракетин кубаттап, жакшы маанайда кабыл алышууда.

Белгилей кетсек, Кантөрө Токтомаматов 2017-жылдын 28-апрелинде жүрөк оорудан улам 69 жашында каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан