Бүгүн, 16-апрелде КСДП "Ала-Арча" резиденцияда жыйын өткөрөт. Бул тууралуу SUPER.KG'ге өздүк булактар билдирди.
Өздүк булактын билдиришинче, жыйында депутаттардан өкмөттүн ишин колдоого алуу, депутат Асылбек Жээнбековду парламенттен кетирүү сыяктуу маселелер каралмак.
Белгилей кетсек, аталган партиянын курултайы 31-март күнү Бишкектеги мейманканалардын биринде өтүп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев партиянын саясий кеңешинин төрагасы болуп шайланган.